“Кыргыз көркөм искусствосунун тарыхы. Башталышы.” Экинчи лекцияга чакыруу.

March 12, 2013, 06:00

“Кыргыз көркөм искусствосунун тиарыхы. Башталышы”, лекциясынын экинчи бөлүмүнө чкакырыбыз. Лекция 13 – мартта, 2013ж. Г.айтиев атындагы КУКИМдин кинозалында (Абрахманов көч.196) болуп өтөт. 

Башталышы 17:00 

Лектор: Гамал Боконбаев — маданият таанучу, «Tolon Museum of Modern Art» студиясынын жетекчиси, азыркы искусствонун белгилүү теоретиги. 

Лекция улуттук көркөм искусство мектебинин түптөлүшү жөнүндө. ХХ кылымдын 30-жылдарындагы окуялар чагылдырылат. Дал ушул учурда түптөлүп башталган улуттук көркөм искусство мектеби жөнүндө сөз болот. Башталышы ийгиликтүү болгон. Кыргызстанда өз учурунун мыкты мастерлери эмгектенген – Семен Афанасьевич Чуйков, Владимир Витальевич Образцов, Ласло Мессарош ж.б. алардын иши кийинки муундагы сүрөтчүлөргө өрнөк болуп берди. Алардын ишмердүүлүгү жана таланты кийинки өнүгүүгө ишенимдүү негиз болуп берди. 

Лекциянын программасы: 

• Чуйков жана анын санаалаштары. 

• С.А.Чуйков жана В.В. Образцовдун ыкмалары, республиканын турмушундагы манилүү маданий окуяларды чагылдыруу. 

- Л. Мессарош – коммунист скульптордун трагедиясы. 

- Г.Айтиев жана С. Акылбековдун чыгармачылыгындагы жөнөкөй мезгил. 

Лекция слайд-шоу менен коштолот. 

Лекцияга катоо кийинки телефондор аркылуу жүрөт: +312 901 956, +312 664 959, +312 660 382, 0558 588 513; email: chnamazbekova@gmail.com, asel.djakypbekova@gmail.com 

Кирүү билетинин баасы – 100 сом (чоңдорго); 

Студенттер жана пенсионерлер үчүн билет баасы – 50 сом; 

“Кыргызстандын көркөм искусствосунун тарыхы” лекциясына абонемент – 600 сом.