1-апрель – Канаттуулардын эл аралык күнү

April 1, 2015, 06:00

Жыл сайын 1-апрелде бүткүл планета Канаттуулардын эл аралык күнүн (International Bird Day) – интернационалдык экологиялык майрамды өткөрөт, ал ЮНЕСКОнун «Адам жана биосфера» программасынын алкагында жыл сайын өтөт жана дал апрелде белгиленип жатканы бекеринин эмес. 1906-жылдын 1-апрелинде Канаттууларды коргоо боюнча эл аралык конвенцияга кол коюлган.


Майрамды өткөрүү датасы бекеринен тандалган эмес. Канаттуулардын күнү жазында белгиленбегенде, качан белгиленмек эле! Жаратылыш ойгонот, келгин куштар мекендеген уяларына кайтып келет. Алар абдан чарчап-чаалыгат, бирок көпкө эс ала албайт, уялаган жерине шашат. Ал эми жаз түштүктөн түндүккө карай суткасына 50 км ылдамдык менен шашат. Экологиялык календардагы эң «эски» майрамдардын бири болуп Канаттуулардын күнү саналат.


Чоң кишилер менен балдар бул күнү канаттуулар жашаган жерлерди ыңгайлаштырат, жаңы акырларды жана уяларды илет. Келгин куштардын кайтып келиши байыртан эле майрамдалып келет, анткени бул жаз келгенин билдирет.