Бишкекте Индиянын мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган мүнөзү боюнча ачык лекция өтөт

March 25, 2015, 06:00

Байыркы салттары бар эң ири дүйнөлүк демократиялардын бири болгон Индия экономикалык жана социалдык өзгөрүүлөр жагынан реформалар жолу боюнча ургаалдуу алга илгерилеп, XXI кылымда дүйнөнүн экономикаларынын көлөмү боюнча алдыңкылардын бири болуп калды.

 

Калкы динге өтө берилген, лингвистикалык жактан бир түрдүү эмес жана татаал структуралуу индия коомунда буга кантип жетишилип жатат?

 

Эгемендүү Кыргызстандын өнүгүшү үчүн бул маселенин актуалдуулугун эске алып, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Индиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги жана Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университети менен өнөктөштүктө Сизди «Плюралисттик коомго карабастан Индиянын мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган мүнөзү» деген ачык лекцияга катышууга чакырат.

 

Чакырылган мейман: Ашок Саджанхар (Ashok Sajjanhar) мырза, Индиянын Казакстан Республикасындагы, Швециядагы жана Латвиядагы мурдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси.

 

 

Лекция 2015-жылдын 31-мартында саат 09.30дан 12.00гө чейин 

Ж. Баласагын атындагы КУУнун кичи залында төмөнкү даректе өтөт: Фрунзе көчөсү, 547.

 

Лекция өткөрүүнүн тили – синхрондуу котормосу менен англис тилинде.

 

Катышуу алдын ала катталуу менен акысыз, тел.: 0312 660382 (ГульзадаУргуналиева) же е-mail: gulzada.urgunalieva@gmail.com

 

Маалымат үчүн:

 

Ашок Саджанхар (Ashok Sajjanhar) мырза Индиянын Вашингтондогу, Москвадагы, Брюсселдеги, Женевадагы, Бангкоктокгу, Тегерандагы жана Даккадагы Элчиликтеринде жетекчи кызматтарды ээлеп турган. Элчи Саджанхар 1978-жылдын июлунда Индиялык дипломатиялык кызматка кирген жана 2012-жылдын июлунда Индия Өкмөтүнүн катчысынын даражасында отставкага кеткен. Элчи мырза Москвадагы Джавахарлал Неру (Jawaharlal Nehru) маданий борборунун директору болгон, ал жерде маданий дипломатиянын жаңы үлгүлөрүн киргизүүдө маанилүү роль ойногон.

 

Азыркы учурда Ашок Саджанхар (Ashok Sajjanhar) мырза Индиядагы Диний Шайкештик боюнча Улуттук Фонддун Катчысы болуп саналат.