Сиздерди Үчүнчү Билим фестивалына катышууга чакырабыз!

March 18, 2015, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду 2015-жылдын 24 – 25-апрелинде Бишкек шаарында үчүнчү Билим фестивалын – Эко-Фестивалды өткөрүү жөнүндө маалымдайт.


Билим берүү Эко-Фестивалы айлана-чөйрөгө аяр мамиле зарыл экендиги, суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, экологиялык маданиятты жогорулатуу жана жашоонун таза жана коопсуз чөйрөсүн пропагандалоо жөнүндө балдардын жана жаштардын, ошондой эле кеңири коомчулуктун маалыматтуулугун арттыруу үчүн экологияга жана экологиялык билим берүүгө, анын ичинде салтка айланган экологиялык билимдерди пайдаланууга жана алга илгерилетүүгө арналган.


24-апрелде, Фестивалдын 1-күнү К. Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук Агрардык университеттин базасында өтөт, Бишкек шаары, Медеров коч., 68.


25-апрелде, салт боюнча, экинчи кун эски аянттын, Эмен сейил багында , «Сейтек» балдар жана өспүрүмдөр борборунда, Эмен сейил багынын галереясында, АУЦАда жана Бишкек шаарынын театрларында, Ала-Тоо аянтында өтөт. Билим берүү кызмат көрсөтүү мекемелеринин ярмарка-көргөзмөсү, эко-базар жана китеп катарлары, гүлдөрдүн көргөзмөсү эски аянтта (саат 10.00-17.00) жайгаштырылат.


Көргөзмөгө катышуунун бардык маселелери боюнча билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн ярмаркасын, эко-базарды жана китеп катарларын уюштуруучуларга кайрылууну өтүнөбүз:


Бегайым Мамаева 0558 678899, Айтбек кызы Саадат 0555 332174

Электрондук дарек: office@roza.kg, тел (996 312)66-03-82, сайт: www.festival.roza.kg, www.roza.kg. 


Билим берүү кызмат көрсөтүү мекемелеринин ярмарка-көргөзмөсүнө, эко-базар жана китеп катарларына, гүлдөрдүн көргөзмөсүнө билдирме 2015 жылдын 31 мартына саат 18.00-гө чейин кабыл алынат.


Сиздерди Үчүнчү Билим берүү фестивалында күтөбүз!