Өткөрүп жибербегиле! «Музыка – элдин дили: Азербайжан музыкалык маданияты»

March 14, 2015, 06:00

Кымбаттуу достор!

 

 

Силерди, Силердин досторуңарды жана жакындарыңарды 17-мартта (шейшемби) азербайжан музыкалык маданиятынын концертине чакырабыз.

 

Ашуг көркөм өнөрү, музыкалык аспапты жасоо өнөрү – ТАРА, азербайжан мугамдары, келагаи жоолугун жасоо салттары ЮНЕСКОнун Материалдык эмес мурасынын тизмесине киргизилген.

 

ЮНЕСКОнун Тизмесине киргизилген Нооруздун алдында өтө турган концерттин программасына Бакудан атайын келген меймандар аткара турган мугамдар, дүйнөнүн 80ден ашык тилине которулган эң белгилүү азербайжан опереттасынан – «Аршин мал алан» опереттасынан ариялар киргизилген. Силер азербайжан бийинин өзгөчөлүктөрүн, анын Кавказ элдеринин башка бийлеринен айырмасын көрүп, азербайжан тилиндеги уккулуктуу жана шайыр ырларды уга аласыңар.

 

Концерт Азербайжандын Бишкектеги Элчилиги менен бирдикте жана ЮНЕСКОнун финансылык колдоосу менен даярдалды.

 

Башталышы 17- 00дө Кыргыз Улуттук консерваториясында (Жантөшев көчөсү 115, Совет көчөсү менен кесилиште).

 

 

Достор, келгиле, биз Сизлерди күтөбүз!