Фонддун 2015-жылдын мартына иш-чараларынын дайджести

February 28, 2015, 06:00

2-март – Кыргызстан Аялдарынын Улуттук Форуму



Өткөрүү убактысы:  саат 08-30дан 17-30га чейин

Өткөрүү орду:  Бишкек шаары, жогорку окуу жайлары (Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык Академия, К.Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык Университети, И.Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университети, Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкана, КР Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы)

Форумдун максаты: Улуттук аялдар кыймылынын диалогу жана кызматташтыгы үчүн мейкиндикти түзүү, кыз-келиндердин укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында аялдар менен эркектердин күч-аракеттерин бириктирүү. Форумдун алкагында төмөнкүдөй 4 тема кең-кесири каралат:

1. Аялдардын саясий укуктары

2. Аялдардын экономикалык укуктары

3. Аялдардын социалдык укуктары

4. Сот адилеттигине жеткиликтүүлүк

Кирүү: Чакыруу боюнча.

Маалыматтар төмөнкү телефондор боюнча: 660382, 0558 678899



3-март – Кыргызстан Аялдарынын Улуттук Форуму. Биринчи күндүн жыйынтыктарынын презентациясы



Өткөрүү убактысы: 09 – 00дөн 18-00гө чейин

Өткөрүү орду:  Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясы

Кирүү: Чакыруу боюнча.

Маалыматтар төмөнкү телефондор боюнча: 660382, 0558 678899



3-март – Кыргызстан Аялдарынын Улуттук Форумунун алкагында «Полиэтилен пакеттерге жол жок!» флэшмобу


Өткөрүү убактысы:  12:00дөн 13:00гө чейин

Өткөрүү орду:  Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясы

Флэшмобдун максаты полиэтилен пакеттерди пайдалануу маселесине коомчулуктун көңүлүн буруу болуп саналат.

Маалыматтар төмөнкү телефондор боюнча: 66-03-68, 0550 328899



4-март – «Устат-2» долбооруна катышкан кыздар үчүн И.Раззаков атындагы КМТУга экскурсия



Өткөрүү убактысы: 14-00

Өткөрүү орду:  И.Раззаков атындангы КМТУ

Долбоордун катышуучуларына кесиптик багыт берүү жана кыздарды техникалык адистиктер менен тааныштыруу үчүн «Устат-2» долбоорунун менторлору И.Раззаков атындагы КМТУга экскурсияны уюштурат. Экскурсиядан кийин долбоордун катышуучулары үчүн концерт өтөт.

Маалыматтар төмөнкү телефондор боюнча: 660382, 0555757096



5-март – «Мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу» долбоорунун алкагында «КР пилоттук мектептеринде сабакка жетишүүнүн жана баруунун базалык деңгээлин аныктоо» темасына конкурс



Өткөрүү убактысы: 5-марттан 13-мартка чейин

Өткөрүү орду: Бишкек шаары, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун офиси

Маалыматтар төмөнкү телефондор боюнча: 0772328 807.



6-март -  «Гений» радио берүүсү (орус тилинде)



Убуктысы: 13-30дан 14-00гө чейин

Кайда: КТРК 1-радио (FM 104. 1 жыштыгынан же www.ktrk.kg 1radio онлайн угууга болот)

Балдар бакчасы, мектеп, университет өзүнчө дүйнөлөрдө жашайт жана алардын ортосунда эбегейсиз зор айырма бар. Жакында биз кенже кезден тартып өнүктүрүү боюнча Джон Вуддун презентациясын уктук, ал менин сезимиме таасир эткен өтө маанилүү нерсени козгоду: «Мен «мектепке чейинки даярдоо» деген сөздү жактырбайм, эгерде сиз баланы окутсаңыз, анда мектепке ЭМЕС, турмуш ҮЧҮН окутасыз (life-long skills). Бала өздөштүрүп жаткан бардык билимдердин жана жөндөмдөрдүн жашоого ага пайдасы тийүүгө тийиш, мектептин өзүнө эмес, балага пайдалуу болууга тийиш».

Маалыматтар төмөнкү телефондор боюнча: 660 386, 0771 388 596



12-март -  Мектеп парламенттеринин лидерлерине Эко-долбоорду презентациялоо



Өткөрүү убактысы: 14:00дөн 16:00гө чейин

Өткөрүү орду: № 4 орто мектеп

Экология жагынан видеону көрсөтүү, эксперттер сөз сүйлөөсү менен «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун «Глобалдуу ой жүгүрт – чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорун презентациялоо.

Маалыматтар төмөнкү телефондор боюнча: 66-03-68, 0550 328899



12 – 27-март - «Мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу» долбоорунун алкагында «КР мамлекеттик саясатын алга илгерилетүүдө жергиликтүү жамааттарды мобилизациялоо» темасына Ош облусунун жергиликтүү адистери, жамааттары үчүн 15 пилоттук жана пилоттук эмес мектепте тренингдердин окутуучу цикли



Өткөрүү убактысы: 12-марттан 27-мартка чейин, саат 10-00дөн 19-00гө чейин

Өткөрүү орду: Ош облусу, Ноокат, Араван, Кара-Кулжа райондору

Коомдоштуктун жергиликтүү адистери «Мектеп тамак-ашынын мамлекеттик саясатын алга илгерилетүүдө жергиликтүү жамааттарды мобилизациялоо» темасына окутулат.

Маалыматтар төмөнкү телефон боюнча: 0772328 807



13-март –  Эко-долбоордун алкагында Бишкек шаарынын мугалимдери үчүн экология боюнча лекторий (кыргыз тилинде)



Өткөрүү убактысы: 10:00дөн 13:00гө чейин

Өткөрүү орду: К.И. Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук Агрардык университет

"Айлана чөйрөнү жашылдандырууда өсүмдүктөрдү коргоо. Мөмө – жемиштерди айлана-чөйрөнү жашылдандырууда колдонуу" темасына К.И. Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук Агрардык университеттин өкүлдөрүнөн лекция. Лекциянын жыйынтыктары боюнча университеттин питомниги боюнча экскурсия пландаштырылып жатат.

Бишкек шаарынын мектептеринин мугалимдери үчүн экология боюнча Лекторийдин кезектеги лекциясы Фонддун «Глобалдуу ой жүгүрт – чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» долбоорунун алкагында уюштурулду.

Маалыматтар төмөнкү телефондор боюнча: 66-03-68, 0550 328899



13-март Эко-долбоордун алкагында Бишкек шаарынын мугалимдери үчүн экология боюнча лекторий (орус тилинде)


Өткөрүү убактысы:  14:00дөн 16:00гө чейин

Өткөрүү орду:  № 70 гимназия мектеби

"РДЮЦЭКТ жөнүндө презентация. Мектептердеги эко-майрамдар. Тажрыйба алмашуу" темасына Республикалык экология, туризм жана край таануу балдар өспүрүмдөр борборунан лекция.

«Бишкек шаарынын мугалимдери үчүн экология боюнча лекторийдин» алкагындагы лекция Фонддун Эко-долбоорунун алкагында уюштурулат.

Маалыматтар төмөнкү телефондор боюнча: 66-03-68, 0550 328899



13-март -  «Гений» радио берүүсү (кыргыз тилинде)



Убактысы: 13-30дан 14-00гө чейин

Кайда: КТРК 1-радио (FM 104. 1 жыштыгынан же www.ktrk.kg 1radio онлайн угууга болот)

Кезектеги «Гений» радио берүүсү. Тема: «Кенже куракта бийлөөнүн балдардын акыл жана денебой өнүгүүсүнө тийгизген таасири». 

Эксперттер: Латыпова Сырга Жапаровна - “Шаттык” бий ансамблинин жетекчиси, ата-энелер

Маалыматтар төмөнкү телефондор боюнча: 660 386, 0771 388 596



12-14-март - «Балалык мектеби» - жеке балдар бакчаларынын жана борборлорунун директорлору үчүн Директорий курсунун үчүнчү тренинги (машыктыруучу – Мария Миркес, Россия).


Өткөрүү убактысы: 12-14-март саат 10-00дөн 17-00гө чейин

Өткөрүү орду: «Шамбала» балдар бакчасы

Катышуунун наркы: 7000 сом

Балдар менен иштөөдө кызматкерлердин (педагогдордун, администраторлордун, башкаруучулардын) деңгээли, алардын иштөөнү билгендиги жана каалагандыгы өтө маанилүү болуп саналат.

Тренинг семинарда силер өзүңөргө ылайыктуусун тандоо үчүн персонал менен иштөөнүн бир нече модели менен таанышасыңар! Алардын ар биринде персонал менен иштөөнүн ар кандай учурларында төмөнкүдөй өзөктүү өбөлгөлөрдү сынап көрөсүңөр:

- жаңы кызматкерди уюмга тартуу жана тандоо, киргизүү (атап айтканда, айрым Head Hunter өбөлгөлөрү), – кызматкерлерди окутуу жана алардын кесиптик өсүшү (аны кантип түзүү жана кандай пайдалануу керек), - бошотуу (өтө маанилүү процесс!), - кызматкерлерге таасир этүүнүн ар кандай өбөлгөлөрү, мындайча айтканда «материалдык эмес жүйөлөштүрүү»,

- жана, албетте, эмгек акыны чегерүү (ал кандай түзүлүүгө, эмнеге байланыштуу болууга тийиш).

Иш берүүчүлөр мында өздөрү персоналды тандайбыз / ылгайбыз / боштобуз, ага карата чечимдерди жана башкаларды кабыл алабыз деп ойлойт. Тилекке каршы, бул мындай эмес. Көптөн бери адистер / адамдар «кайда жана ким менен иштесем / өз өмүрүмдүн кийинки 2 жылын ким менен өткөрүү керек» деп тандап калышты. Кызматкерлер бизди кардарлар тандагандай тандайт. Бирок биз дале болсо кызматкерлерди тескейбиз жана персоналды башкарууну дал ушул нукта түзөбүз деп ойлойбуз.

Маалыматтар төмөнкү телефондор боюнча0312 660 384, 0772 800 376



14-март Эко-долбоордун алкагында Бишкек шаарынын мектеп окуучулары үчүн «Билим кербени: табигый илимдердин көчмө өнөрканасы»



Өткөрүү убактысы: 10-00дөн 12-00гө чейин

Өткөрүү орду:  № 79 орто мектеп (Арча-Бешик турак-жай конушу). "Таалим-Форум" коомдук фонду өткөрөт

«Билим кербени: табигый илимдердин көчмө өнөрканасы» мектеп окуучулары үчүн эко-майрамды билдирет: фильмдерди көрсөтүү, эксперттерден презентациялар, конкурстар, викториналар, мастер-класстар жана көптөгөн башкалар.

Кербен «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун «Глобалдуу ой жүгүрт – чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында уюштурулган.

Маалыматтар төмөнкү телефондор боюнча: 660 384, 0772 800 376



14-март Эко-долбоордун алкагында Бишкек шаарынын мектеп окуучулары үчүн «Билим кербени: табигый илимдердин көчмө өнөрканасы»


Өткөрүү убактысы: 10-00дөн 12-00гө чейин

Өткөрүү орду:  № 70 гимназия мектеби. Жамааттарды туруктуу өнүктүрүүнүн "ЫРЫСТАН" коомдук фонду өткөрөт

«Билим кербени: табигый илимдердин көчмө өнөрканасы» мектеп окуучулары үчүн эко-майрамды билдирет: фильмдерди көрсөтүү, эксперттерден презентациялар, конкурстар, викториналар, мастер-класстар жана көптөгөн башкалар.

Кербен «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун эко-долбоорунун алкагында уюштурулган.

Маалыматтар төмөнкү телефондор боюнча: 66-03-68, 0550 328899



18-март «Музыка – элдин дили» - азербайжан музыкалык маданиятынын концерти



Өткөрүү убактысы: 17.00дөн 18.30га чейин

Өткөрүү орду: Консерватория. Жантөшев көчөсү 115 (Совет көчөсү менен кесилиште)

Эшик ачык.

Программа музыканы, бийлерди, музыкалык салттарды көрсөтүүнү камтыйт. Азербайжан элчилиги чакырган Бакудан келген музыканттар концерттин мейманы болуп калат.

Маалыматтар төмөнкү телефондор боюнча: 0312 660 384, 0772 800 376



20-март «Гений» радио берүүсү (орус тилинде)



Убактысы: 13-30дан 14-00гө чейин

Кайда: КТРК 1-радио (FM 104. 1 жыштыгынан же www.ktrk.kg 1radio онлайн угууга болот)

Тема: Бүткүл үй-бүлөгө чыгармачылык жана оюндар үчүн мейкиндикти түзүү. Студииядагы меймандар: эксперттер, педагогдор, артисттер.

Маалыматтар төмөнкү телефондор боюнча: 660 386, 0771 388 596



23-март – Эко-сэлфи конкурсунун башталышы



Анонсторго көз салып тургула!

Маалыматтар төмөнкү телефондор боюнча: 66-03-68, 0550 328899



26-март – «Устат-2» долбоорунун шакирттери үчүн финансылык сабаттуулук жана бизнес-пландаштыруу боюнча тренинг

Маалыматтар төмөнкү телефондор боюнча: 660382, 0555757096


27-март «Гений» радио берүүсү (кыргыз тилинде)



Убактысы: 13-30дан 14-00гө чейин

Кайда: КТРК 1-радио (FM 104. 1 жыштыгынан же www.ktrk.kg 1radio онлайн угууга болот)

Тема: «Сүрөтчү балдар жана алардын дүйнөсү». Эксперттер: Көркөм сүрөт академиясынын окутуучулары, “Балажандын” сүрөтчүсү, ата-энелер.

Маалыматтар төмөнкү телефондор боюнча: 660 386, 0771 388 596



28-март Эко-долбоордун алкагында Бишкек шаарынын мектеп окуучулары үчүн «Билим кербени: табигый илимдердин көчмө өнөрканасы»



Өткөрүү убактысы: 10-00дөн 12-00гө чейин

Өткөрүү орду:  № 48 орто мектеп.

Жамааттарды туруктуу өнүктүрүүнүн "ЫРЫСТАН" коомдук фонду өткөрөт. «Билим кербени: табигый илимдердин көчмө өнөрканасы» мектеп окуучулары үчүн эко-майрамды билдирет: фильмдерди көрсөтүү, эксперттерден презентациялар, конкурстар, викториналар, мастер-класстар жана көптөгөн башкалар.

Кербен «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун эко-долбоорунун алкагында уюштурулган.

Маалыматтар төмөнкү телефондор боюнча: 66-03-68, 0550 328899



28-31-март – «Мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу» долбоорунун алкагында балдарга акцияларды, мастер-класстарды өткөрүү үчүн конкурска арыздарды тандоо

Маалыматтар төмөнкү телефон боюнча 0772328 807



31-март – «Ачык билим берүү ресурстары» долбоорунун алкагында Индиядан келген эл аралык эксперттердин катышуусу менен IT жана илим боюнча ачык лекция

Убактысы жана өткөрүү орду  кошумча маалымдалат. Анонсторго көз салып тургула!

Эшик ачык.

Маалыматтык технологияларды өнүктүрүү маселелеринде Индия соңку ондогон жылдарда зор ийгиликтерге жетишип, эң заманбап инновациялык технологияларды өздөштүрүү жана жеке өзүнүн атаандашууга кудуреттүү продуктуларын чыгаруу жөндөмүн көрсөттү. Өлкөдө IT жагынан жана башка техникалык жактарда бүткүл дүйнөгө белгилүү болгон көп сандаган компаниялар иштеп жатат. Алар Индиянын билим берүү мекемелери менен, атап айтканда, колледждер менен тыгыз кызматташат, студенттер үчүн окутуучу программаларды түзөт жана андан соң окутуудан ийгиликтүү өткөн бүтүрүүчүлөрдү ишке кабыл алат. Индиянын бул тажрыйбасы кесиптик багыт берүүнүн, техникалык адистиктерге студенттерди топтоонун канааттандырарлыксыз абалына, мектепте IT сабактарын начар окутууга, бүтүндөй алганда, өлкөнүн экономикасында индустрия секторунун болор-болбос көлөмүнө байланыштуу Кыргызстан үчүн өтө маанилүү.

Маалыматтар төмөнкү телефондор боюнча: 660382, 0550 328868



Март ичинде – «Мекендештер» долбоорунун алкагында жергиликтүү аймактык өнүктүрүүгө мекендештердин салымы жөнүндө ийгиликтүү көрсөтмөлүү окуяларды табуу жана маалыматтарды, фотодокументтерди чогултуу максатында региондор боюнча сапарлар



Өткөрүү орду: Бишкек жана өлкөнүн бардык облустары

Акция мекендештерибиздин ийгиликтүү окуяларынын Жыйнагын түзүү үчүн өткөрүлөт.

Маалыматтар төмөнкү телефондор боюнча: 663538, 0703 416049, 0772 203949



Марттын акыркы декадасы «Балалык мектеби» долбоорунун алкагында Монтессори-тренинг.


Датасы, убактысы жана орду кошумча маалымдалат. Биздин анонсторго көз салып тургула!

Маалыматтар төмөнкү телефондор боюнча0312 660 384, 0772 800 376