Жеке балдар борборлорунун жана балдар бакчаларынын жетекчилери үчүн үчүнчү «Директорийге» жазылуу ачык

February 15, 2015, 06:00

ДИРЕКТОРИЙ

жеке балдар борборлорунун жана балдар бакчаларынын жетекчилери үчүн семинар-тренингдердин сериясы

 

Көп учурда мыкты педагог бизнестин жетекчиси болуп калат. Ал өз ишин жасай билет, балдарды жакшы көрөт жана алар үчүн жан-дилинен күйөт, бирок ал адамдарга жана уюмга жетекчилик кылууну үйрөнгөн эмес. Демек, ага бир аз БАШКАРУУНУ ҮЙРӨНҮҮ КЕРЕК!

 

 

 

3-директорий. ПЕРСОНАЛ. ЖҮЙӨЛӨШТҮРҮҮ. ЭМГЕК АКЫ

 

2015-жылдын 12-13-марты, Бишкек шаары

 

Адамдар менен иштөөдө кызматкерлердин (педагогдордун, администраторлордун, башкаруучулардын) деңгээли, алардын иш билгилиги жана иштөөгө ниети өтө маанилүү болуп саналат.

 

Семинар-тренингде сиз өзүңүз үчүн персонал менен иштөөнүн бир нече моделдери менен таанышасыз! Алардын ар биринде ар кыл учурларда персонал менен иштөөнүн өзөктүү өбөлгөлөрүн сынап көрөсүз:

 

- уюмга жаңы кызматкерди тартуу жана тандоо, киргизүү (атап айтканда, айрым Head Hunter өбөлгөлөрү),

 

- кызматкерлерди окутуу жана алардын кесиптик өсүшү (аны кантип түзүү жана кантип пайдалануу керек),

 

- бошотуу (өтө маанилүү процесс!),

 

- кызматкерлерге таасир этүүнүн ар кандай өбөлгөлөрү, мындайча айтканда, «материалдык эмес жүйөлөштөрүү»,

 

- жана, албетте, эмгек акыны чегерүү (ал кандай түзүлүүгө, эмнеге байланыштуу болууга тийиш).

 

Иш берүүчүлөр мында өздөрү персоналды тандайбыз / ылгайбыз / боштобуз, ага карата чечимдерди жана башкаларды кабыл алабыз деп ойлойт. Тилекке каршы, бул мындай эмес. Көптөн бери адистер / адамдар «кайда жана ким менен иштесек / өз өмүрүмдүн кийинки 2 жылын ким менен өткөрүү керек» деп ойлонуп калышты. Кызматкерлер бизди кардарлар тандагандай тандайт. Бирок биз дале болсо кызматкерлерди тескейбиз жана персоналды башкарууну дал ушул нукта түзөбүз деп ойлойбуз.

 

 

________________________________________________________________________________

Кийинки сессиялар:

 

4-директорий. «БАШКАРУУ ӨБӨЛГӨЛӨРҮ»

 

5-6-директорий. «КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮНҮН САПАТЫН БАШКАРУУ» (алга илгерилеген деңгээл)

 

________________________________________________________________________________

 

Директорий – башкаруучунун ролунда тургандар үчүн – жетекчилер, орун басарлар, багыттардын жана филиалдардын жетекчилери, алдыңкы педагогдор, администраторлор жана башкалар. Жооптуу позицияда тургандардын, балдар борборлорунда же балдар бакчаларында болуп жаткандарга олуттуу таасир эткендердин бардыгы.

 

Директорийдин ар бир сессиясы – бул эки күндүк семинар-тренинг (10.00 – 17.00), көзмө-көз же скайп боюнча консультациялар өткөрүлүшү мүмкүн.

 

Семинар-тренингдин автору жана алып баруучусу: Мария Миркес, антропоник, башкаруу боюнча бизнес-консультант, «Антропониктер мектебинин» директору (резюме тиркелет, сайт www.antroponika.ru)

 

Директорий 2011-жылдан тартып Томскда, Красноярскда, Новосибирскде, Екатеринбургда, Москвада, Сочиде, Бишкекте өткөрүлөт.

 

 

Биз уюм жана анын директору алар иш жүзүндө кандай болууну кааласа, ошондой болушу маанилүү жана ыктымалдуу деп эсептейбиз.

 

 

_______________________________________________________________________

 

 

Семинар-тренингдин спецификасы:

 

- Ишенимдүүлүк (башкаруунун ар кандай кырдаалдарында пайдалуу болгон конкреттүү практикалык өбөлгөлөрдүн топтому – кардарлар менен иштөө, кызматкерлерге жетекчилик кылуу, ички жана тышкы чыр-чатактарды чечүү, функционалдар жана эмгек акы ж.б.).

 

- Сарамжалдуу жана образдуу, метафориялуу, иррационалдуу талдоо аракеттерин айкалыштыруу.

 

- Тренингдин ичинде өбөлгөлөрдү оюн менен сыноо (тренинг – бул сыноого жана жаңылышууга боло турган мейкиндик!).

 

- Башкаруучуларды өз алдынча аныктоого карата азгырыктар (байкап көрдүк, эми болсо өзүбүз тандайбыз!)

 

Иштин формасы: семинар-тренингдердин сериясы, ар бир тренинг эки бөлүктөн турат: топтук тренинг (2 күн саат 10дон саат 17ге чейин) жана суроо-талап боюнча жекече консультация (2 саат).

 

Катышуунун наркы: 7 000 сом

 

Маалымат жана алдын ала жазылуу төмөнкүдөй телефон боюнча: 660 384, 0772 800 376 же e-mail боюнча asel.djakypbekova@gmail.com

 

 

Катышууга суроо-талапты жөнөткүлө, телефон аркылуу байланышкыла!