Бишкекте «Музыка – элдин дили: Уйгур музыкалык маданияты» концерт-презентация өтөт

February 11, 2015, 06:00

«Музыка – элдин дили: Уйгур музыкалык маданияты»

 

2015-жылдын 28-февралы, 17-00

 

Кыргыз Улуттук консерваториясынын чоң залы

Жантөшев көчөсү 115 (Совет көчөсү менен кесилиште)


 Кирүү акысыз

 

Кымбаттуу бишкектиктер, чоң кишилер жана балдар, урматтуу Кыргызстандын меймандары, 28-февралда (ишемби) Сиздерди биздин «Музыка – элдин дили: Уйгур музыкалык маданияты» деген концерт-презентациябызга чакырабыз.

 

Салттуу музыкалык аспаптардын үнү, кооз бийлер, кооз костюмдар, уккулуктуу ырлар – ушулардын бардыгы концерттин музыкалык бөлүгүндө сунуш кылынат.

 

Концерттердин максаты – Кыргызстандын этносторунун маданий ар түрдүүлүгүн сунуш кылуу, маданияттар ортосундагы диалогду, өзгөчө балдар жана жаштар арасындагы диалогду өнүктүрүү.

 

Концертти «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Кыргызстан калкынын Ассамблеясы жана Кыргыз Улуттук Консерваториясы менен бирдикте өткөрөт.