Кагаздан кесип оюу жасоонун кытай көркөм өнөрү боюнча мастер-класска чакыруу

January 29, 2015, 06:00

«Цзяньчжи» - кагаз оюу


Кагаздан кесип оюу жасоонун кытай көркөм өнөрү боюнча мастер-класска чакыруу


2015-жылдын 12-февралы, 15-00


Карасаев атындагы БГУнун конференц-залы (Тынчтык проспекти)

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Конфуций Институту менен бирдикте каалагандардын БАРДЫГЫН Цзяньчжи – кагаздан кесип оюу жасоонун кытай көркөм өнөрү боюнча мастер-класска чакырат.


Кагаздан кесип оюу жасоо өнөр гана эмес, ошондой эле ой жүгүртүүнү өнүктүрүү үчүн мыкты каражат. Ошондуктан биз мугалимдерди, тарбиячыларды, ата-энелерди мастер-класска келүүгө чакырабыз, ал жерде бардык катышуучуларга даяр «цзяньчжи» тартууланат. Мастер-класста Конфуций Институтунун инструкторлору колдонмо көркөм өнөрдүн ушул түрү келип чыгышы, анын түрлөрү жөнүндө, эмнеден баштап үйрөнүү керектиги жөнүндө айтып берет жана албетте, сиздер базалык сүрөттөрдү оюп-кесүүгө үйрөнөсүздөр.

 

Суроолор менен төмөнкү телефондорго кайрылууга болот: 660 384, 0772 800 376, сайт: www.roza.kg