Жазылууга шашылыңыздар! Энелер жана аталар, педагогдор жана психологдор үчүн Монтессори-педагогика боюнча семинар өтөт

January 7, 2015, 06:00

Кымбаттуу ата-энелер,

 

эгерде сиздердин балаңар 0дөн 6 жашка чейинки


куракта болсо жана сиздер балдардын психологиясына


олуттуу кызыксаңыздар жана

өз балаңардын ички муктаждыктарын


түшүнүүнү  кааласаңыздар,


анда сиздерди Монтессори-педагогика боюнча


семинарда күтөбүз!


Бул жерде сиздер 0-6 жаш курактагы балаңардын өнүгүшүнүн муктаждыктары жөнүндө көбүрөөк биле аласыздар, балдардын өмүрүнүн ар кандай жылдарында алардын жүрүш-турушу чоң кишилер үчүн кээде түшүнүксүз болгону эмне менен байланышканын баамдайсыздар, Монтессори ыкмасы жөнүндө жана бул ыкманы колдонуу менен баланын шайкеш өнүгүшүнө кантип жардам берүүгө боло тургандыгы жөнүндө кең-кесири билесиздер.


Сиздер балдар психологиясын терең түшүнүп жана балдарды тарбиялоонун көптөгөн психологиялык майдабараттарын биле аласыздар.


Машыктыруучу: Андрей Назаров, Монтессори-педагог, АМИ диплому (Таиланд). Россиялык, ошондой эле таиланддык монтессори-мектептеринде иштөө тажрыйбасы бар.



Качан: 2014-жылдын 19-20-21-январы

 

Кайда: такталат 

 

Узактыгы: 3 күн 

 

Наркы: 3000 сом 

 

Маалымат жана телефон аркылуу алдын ала жазылуу: 660 384, 0772 800 376

 

Тренингдин программасы:


1-күн


Монтессори ыкмасына киришүү

Монтессори ыкмасынын тарыхы

Акыл-эсти тарбиялоо

Адамдык тенденциялар

Сензитивдик мезгилдер


2-күн


Баланы нукка салуу

Социалдык өнүктүрүү

Эркти өнүктүрүү

Эркиндик жана тартип


3-күн


Даярдалган чөйрө

Мугалимди даярдоо

Кыйыр даярдоо жана өз алдынча окуу процесси

Үч мезгилдин сабагы


Сиздерде Монтессори ыкмасы боюнча тереңдетилген билим алуунун кайталангыс мүмкүнчүлүгү болот!


Андрей Монтессори-педагогика боюнча 3 күндүк киришүү семинарын өткөрөт. Андан соң Монтессори-педагогдун толук билимин алууну жана сертификаты бар адис болууну каалагандар үчүн Монтессори-педагогика боюнча тереңдетилген билим берүү программасы сунуш кылынат.


Тереңдетилген билим берүү программасы ар бири он күндөн болгон 6 тренингден турат. Курс аяктагандан кийин бүткүл курсту ийгиликтүү аяктаган катышуучулар монтессори-педагогдун дипломун алат, бул аларга Кыргызстандын мыкты балдар бакчаларында жана балдар борборлорунда иш табууга мүмкүндүк берет.


Билим берүү программасы «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун демилгеси аркасында өткөрүлүп жатат, Фонд Кыргызстанда Монтессори-педагогиканы алга илгерилетүү жана ушундай типтеги мектепке чейинки балдар мекемелеринин тармагын кеңейтүү боюнча ишти улантууда.


Фонд 2012-жылы 3-6 жаштагы балдар үчүн Монтессори-педагогика боюнча алгачкы тренингди баштаган. Москва шаарындагы Эл аралык Монтессори-педагогика институтунун (МИМП) директору Надежда Николаевна Смирнова курстун машыктыруучусу болуп калды.


Бир жарым жылдан кийин алгачкы 17 адам монтессори-педагогдун дипломдорун алды. Бишкекте 6: «Шамбала», «Синяя птица», «Семья», «Индиго», «Апельсин», «Академия детства» Монтессори-балдар бакчалары менен борборлору жана Жалал-Абад шаарында «Симба» балдар бакчасы ачылган.