«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» долбоорунун алкагында Жаңы жыл алдындагы жолугушуулар

December 22, 2014, 06:00

Ишембиде «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» долбоорунун алкагында салтка айланган жолугушуу болду. Бул жолу келген 35 балага театрдын жана кинонун актеру Мирлан Абдулаев «Морозко» жомогун окуп берди. Жаңы жыл алдындагы жагдайда балдар ырларды окуп жана балатынын жанында ырларды ырдашты.

 

Ишембиде, 27-декабрда, «Курманжан Датка» фильминде Улуу Алай канышасынын ролун аткарган Кыргыз Республикасынын эл артисти Назира Мамбетова китеп окуп бермекчи.