«Немецтер Кыргызстандын тарыхында» көргөзмөсүнүн алкагында балдар үчүн Немец рождествосу

December 21, 2014, 06:00

«Немецтер Кыргызстандын тарыхында» көргөзмөсүнүн алкагында балдар үчүн Немец рождествосу


2014-жылдын 22-декабры (дүйшөмбү) саат 13.00 -14.00


Мамлекеттик тарых музейи


«Немецтер Кыргызстандын тарыхында» көргөзмөсүнүн алкагында Мамлекеттик тарых музейинде балдар үчүн рождестволук концерт өтөт.


Программада:


• «Белоснежка» жана «Адвенттин төрт шамы» жомокторунун сахналаштырылган оюну

• «Цирк келди» ырларын аткаруу

• Немец бийи

• «Ich baue ein Stadt für dich» ырын аткаруу

• Немец бийи

• «In der Weihnachtsbäckerei» ырын аткаруу

• «Zusammen singen wir» ырын аткаруу

 

Көргөзмө үстүбүздөгү жылдын 3-октябрында ачылган жана «Кыргызстан немецтеринин элдик кеңеши», Германиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги, Гёте Институту, К. Аденауэр Фонду, «Интергласс» компаниясы, КР Мамлекеттик тарых музейи сыяктуу өнөктөрдүн колдоосу менен «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду уюштурган.

 

Көргөзмөнүн башкы максаты Кыргызстан немецтеринин тарыхын жана өлкөнүн экономикасын жана маданиятын өнүктүрүүгө алардын кошкон салымын өлкөнүн кеңири коомчулугуна жана дүйнөлүк шериктештикке кеңири көрсөтүү, ошондой эле Кыргызстандын жана Германиянын интеграциясынын жана кызматташтыгынын андан аркы жолдорун чагылдыруу болуп саналат.

 

 

Байланышуу: +996 312 66 03 68