«Кыргызстанда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу» долбоорунун алкагында «Төө буурчак жана ашкабак» мастер-классы өтөт

December 10, 2014, 06:00

Балдардын денебой жана интеллектуалдык жактан өнүгүшү үчүн мыкты жана туура тамактануу идеясын алга илгерилетүү максатында 2014-жылдын 18-декабрында пайдалуу жана жеткиликтүү азыктардан – ашкабактан жана төө буурчактан тамак жасоо боюнча мастер-класс уюштурулат. Долбоордун катышуучулары өлкөнүн экономикалык, социалдык, маданий өнүгүшүнө салым кошкон Кыргызстандын белгилүү аялдары, КР ЖК депутаттары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү болот. Алар окуучулар катары иш алып барат, ал эми келечекте мыкты тамактануу идеясын алга илгерилетмекчи.

 

Иш-чараларды уюштурууда жана өткөрүүдө Түркиянын Кыргызстандагы Элчилиги жана "Тюбетейка" кафеси «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун өнөктөрү болуп калат, алар мастер-класстарды өткөрөт жана ашкабак менен төө буурчактан даамдуу жана пайдалуу тамак жасоонун көп сандаган варианттарын көрсөтөт. Ошондой эле ашкабак менен төө буурчактын рецепттери бар даяр 30 тамактын көргөзмөсү уюштурулат.