10-декабрда «Немецтер Кыргызстандын тарыхында» көргөзмөсүнүн алкагында балдар үчүн иш-чаралар өтөт

December 8, 2014, 06:00

2014-жылдын 10-декабры (шаршемби), саат 14.00дөн -15.30га чейин

 

 

Мамлекеттик тарых музейи

 

 

«Немецтер Кыргызстандын тарыхында» көргөзмөсүнүн алкагында Мамлекеттик тарых музейинде кенже мектеп курагындагы балдар үчүн иш-чаралар өтөт.

 

 

 

Программада:

 

• «Немецтер Кыргызстандын тарыхында» көргөзмөсү боюнча балдар үчүн көрүү экскурсиясы

• «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» – ФРГнын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин орун басары Андерс Лундгрен мырза балдарга немец жомокторун окуп берет

• «Рабаят» куурчак театрынан шайыр оюндары

• Балдар үчүн мастер класстар

• Мультфильм көрүү

 

Көргөзмө үстүбүздөгү жылдын 3-октябрында ачылган жана «Кыргызстандын немецтеринин элдик кеңеши», Германиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги, Гёте - Институту, К. Аденауэр Фонду, «Интергласс» компаниясы, КР Мамлекеттик тарых музейи аркылуу өнөктөрдүн колдоосу аркасында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан уюштурулган.

 

Көргөзмөнүн башкы максаты Кыргызстан немецтеринин тарыхын жана өлкөнүн экономикасын жана маданиятын өнүктүрүүгө алардын салымын өлкөнүн кеңири коомчулугуна жана дүйнөлүк шериктештикке көрсөтүү, ошондой эле Кыргызстандын жана Германиянын интеграциясынын жана кызматташтыгынын андан аркы жолдорун чагылдыруу болуп саналат.

 

 

Байланыш: +996 312 660368