Бишкекте «Музыка – элдин дили: Түрк музыкалык маданияты» концерт-презентациясы өтөт

December 9, 2014, 06:00



«Музыка – элдин дили: Түрк музыкалык маданияты»

 

2014-жылдын 23-декабры, 15.00

 

Кыргыз Улуттук консерваториясынын чоң залы

Жантөшев көчөсү 115 (Совет көчөсү менен кесилиште)




Декабрда көп адамдарга жагып калган «Музыка – элдин дили» концерттеринин сериясы өтөт, анда көрүүчүлөргө түрк музыкалык маданияты сунуш кылынат.


Түрк маданияты өзүнө бири-бирине ушунчалык окшош эмес чыгыш жана европа маданияттарынын элементтерин шайкеш айкалыштырат.


Салттуу музыкалык аспаптардын үнү, эң сонун бийлер, кооз костюмдар, мукам ырлар – ушулардын бардыгы концерттин программасында сунуш кылынат!


Концерттердин максаты – Кыргызстандын этносторунун маданий ар түрдүүлүгүн көрсөтүү, маданияттар ортосундагы, өзгөчө балдар жана жаштар арасындагы диалогду өнүктүрүү.


Кирүү акысыз.


Маалымат үчүн телефондор: 660 384, 0772 800 376, сайт: www.roza.kg