Фонддун декабрь айына иш-чараларынын дайджести

December 8, 2014, 06:00

6-декабрда – КЭРден келген сүрөтчү Янь Яя айым менен жолугушуу жана кытай салттуу Гохуа живописинин негиздери боюнча мастер-класс

 

Янь Яянын иштери дүйнөнүн – АКШнын, Улуу Британиянын, Германиянын, Канаданын, Сингапурдун, Индиянын, Түркиянын, Япониянын, Гонконгдун, Тайвандын, Жаңы Зеландиянын көптөгөн белгилүү музейлеринде жана галереяларында бар. Сүрөтчү бир катар эл аралык жана улуттук сыйлыктардын ээси болуп саналат.

 

Борбор шаардын бардык тургундарын жана меймандарын Янь Яя айым менен жолугушууга чакырабыз, анын учурунда Сиз белгилүү сүрөтчүнүн чыгармачылыгы менен таанышып, ошондой эле кытай салттуу Гохуа живописинин негиздери боюнча чакан мастер-класска катыша аласыз.

 

Өткөрүү датасы: 6-декабрь, саат 14-00дө

Өткөрүү убактысы: Г. Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин кинозалы

Кирүү акысыз.

Маалымат үчүн телефон: 660 384, 0772 800 376

 

 

 

7-декабрь – «Устат-2» долбоорунун катышуучулары үчүн компьютердик сабаттуулук боюнча тренинг

 

 

 

Жума сайын ишембиде - «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» иш-чарасы

 

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» долбоорунун алкагында Жаңы жылдын алдында силердин балдарыңарды жылдыздардын аткаруусунда жаңы жылдык жомокторду угууга чакырабыз.

 

Өткөрүү датасы жана убактысы: жума сайын ишембиде саат 11-00дө

Өткөрүү орду: «Раритет» дүкөнү (Ала-Тоо аянты).

Кирүү акысыз.

 

 

 

10-декабрь – «Немецтер Кыргызстандын тарыхында» көргөзмөсүнүн алкагында балдар үчүн иш-чара

 

«Немецтер Кыргызстандын тарыхында» көргөзмөсүнүн алкагында Мамлекеттик тарых музейинде кенже мектеп курагындагы балдар үчүн иш-чаралар өтөт.

Программада:

• «Немецтер Кыргызстандын тарыхында» көргөзмөсү боюнча балдар үчүн көрүү экскурсиясы

• «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» – ФРГнын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин орун басары Андерс Лундгрен мырза балдарга немец жомокторун окуп берет

• «Рабаят» куурчак театрынан шайыр оюндары

• Балдар үчүн мастер класстар

• Мультфильм көрүү

 

Өткөрүү убактысы: 2014-жылдын 10-декабры (шаршемби) саат 14.00дөн 15.30га чейин

Өткөрүү орду: Мамлекеттик тарых музейи (Ала-Тоо аянты)

Кирүү акысыз.

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефонго кайрылууга болот + +996 312 660368 же banur.abdieva@gmail.com

 

 

12-декабрь – “Устат-2” долбоорунун катышуучулары үчүн "Кока-Кола" компаниясынын заводуна экскурсия

 

 

 

18-декабрь – «Кыргызстанда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу» долбоорунун алкагында «Төө буурчак жана ашкабак» мастер-классы

 

Балдардын денебой жана интеллектуалдык жактан өнүгүшү үчүн мыкты жана туура тамактануу идеясын алга илгерилетүү максатында пайдалуу жана жеткиликтүү азыктардан – ашкабактан жана төө буурчактан тамак жасоо боюнча мастер-класс уюштурулат. Долбоордун катышуучулары Кыргызстандын белгилүү аялдары болот, алар окуучулар катары иш алып барат, ал эми келечекте мыкты тамактануу идеясын алга илгерилетмекчи.

 

Өткөрүү убактысы: 2014-жылдын 18-декабры.

Өткөрүү орду: Кыргыз-Түрк «Манас» университети

 

 

19-декабры – «Кытайдын мектеп билим берүү системасы» ачык лекциясы

  

«Discover Asia» жолугушууларынын сериясынын алкагында Азиядагы коңшуларыбыздын турмушун иликтөөнү улантабыз. Кытай кандай өнүгүп жатат, анын билим берүү системасы кандай түзүлгөн, билим берүүнүн негизинде кандай дөөлөттөр турат? Кытайларга илимде жана техникада зор кадам жасоого эмне мүмкүндүк берди? Эмне үчүн кытай окуучулары эл аралык олимпиадаларда алдыңкы орундарды ээлейт? Кытай мугалими кандай айлык алат? Эмне үчүн мугалимдин кесиби ардактуу жана урматтуу? Биз коңшуларыбыздан эмнени үйрөнө алабыз?

 

Өткөрүү датасы жана убактысы: 19-декабрь, 15-00

Өткөрүү орду: И.Арабаев атындагы КМУ, Раззаков көчөсү, 51А (Киев көчөсү менен кесилиште). Конференц-зал, II корпус

Лекцияга кирүү алдын ала жазылуу боюнча.

Лекцияга жазылуу төмөнкүдөй телефондор боюнча: 660 384, 0772 800 376.

 

 

22-декабрь – Балдар үчүн «Немецтердин Рождество салттары» жолугушуусу

 

«КР тарыхындагы немецтер» долбоорунун алкагында «Немецтердин Рождество салттары» темасы боюнча балдар үчүн иш-чара.

 

Өткөрүү убактысы жана орду: кошумча маалымдалат.

 

 

 

23-декабрь – «Музыка – элдин дили: Түрк музыкалык маданияты»

 

Декабрда көп адамдарга жагып калган «Музыка – элдин дили» концерттеринин сериясы өтөт, анда көрүүчүлөргө түрк музыкалык маданияты сунуш кылынат, ал өзүнө бири-бирине ушунчалык окшош эмес чыгыш жана европа маданияттарынын элементтерин шайкеш айкалыштырат. Салттуу музыкалык аспаптардын үнү, эң сонун бийлер, кооз костюмдар, мукам ырлар – ушулардын бардыгы концерттин программасында сунуш кылынат!

 

Өткөрүү датасы жана убактысы: 2014-жылдын 23-декабры. 15 -00

Өткөрүү орду: Кыргыз Улуттук консерваториясынын чоң залы (Жантөшев көчөсү 115 (Совет көчөсү менен кесилиште)

Кирүү акысыз.

Маалымат үчүн телефондор: 660 384, 0772 800 376