«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Сизди белгилүү журналист Жаңыл Жусупжандын «Памирдеги кыргыздар» презентациясына чакырат

October 24, 2014, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Сизди белгилүү журналист Жаңыл Жусупжандын «Памирдеги кыргыздар» презентациясына чакырат, ал 2014 - жылдын 3 - ноябрында 15-00дө Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын кинозалында өтөт.


Жаңыл Жусупжан – белгилүү радиодокументалист, эл аралык AIB сыйлыктын ээси, фотограф, "Азаттык" радиосунун журналисти, Кытай, Тажикстан, Түркия жана башка мамлекеттердеги кыргыздардын турмушу, маданияты жана көрүнүктүү инсандар, замандаштарыбыз жөнүндөгү кыргыз, орус, англис тилдериндеги видео жана фото сюжеттер аркылуу дүйнөнүн булуң-бурчунда көп кызыгууну жаратып келет.


Өз катышууңузду 2014 - жылдын 28 - октябрына чейин 0 312 - 66 - 03 - 82, 0 555 – 00 – 60 - 03 телефондору аркылуу же kaparbekovna@gmail.com электрондук почтасы боюнча ырастооңузду өтүнөбүз. Сиздин жообуңузду Каныкей Капарбек кызы кабыл алат.