Эң мыкты бала бакча!

September 24, 2014, 06:00

Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилерин жана келечекте бала бакча же балдар борборун ачууну пландап жаткандарды “Директорий” курсуна чакырабыз. Директорий курсу 4 семинар-тренингден турат. Курс жеке бала бакчалардын жана борборлордун жетекчилерине арналган. Курс жаңыдан ишин баштап жаткандарга жана тажрыйбасы барларга да арналган. Ар бир угуучу өзү үчүн зарыл жана пайдалуу маалыматтарды ала алат.


Тренер – Мария Миркес, “Антропоника мектебинин” директору. Антропоник, системалык аналитик жана долборлоочу, оюндарды моделдөө боюнча адис. Сибирь федералдык университетинин доценти, философия илимдеринин кандидаты.


(Антропоника – жаңы багыт. Эки сөз менен жетекчилерди өстүрүү деп мүнөздөөгө болот). Катышуучулардын саны чектелген.


Сессияны өткөрүү мөөнөтү – 20-21-22 октябрь 2014-жыл. Сааты 10:00 – 17:00.  И. Арабаев атындагы КМУ нун имаратында өтөт.


Бир сессиянын баасы 7000 сом. Төлөмдөр 19-октябрга чейин, Чүй 106 дарегинде, 108- бөлмөдө кабыл алынат. Кошумча маалымат алуу үчүн (0312) 660 384. 0772 800 376 телефондоруна кайрылсаңыздар болот. (Асель Жакыпбекова, Программанын координатору).