Пресс-релиз «Парламентаризм жөнүндө диалогдор»

September 17, 2014, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги менен бирдикте «Парламентаризм жөнүндө диалогдор» долбоорунун алкагында парламентаризмди өнүктүрүү маселелерине арналган Тегерек столду өткөрөт.


Тегерек стол 23-сентябрда «Парк отель» мейманканасынын конференц-залында саат 13:30дан саат 17:00гө чейин өтөт.

 

Тегерек столго Улуу Британиянын Парламентинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, шаардык кеңештин депутаттары, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, көзкарандысыз эксперттер жана ЖМКлар катышмакчы.


Тегерек столдо «Өкмөттүн ишине контролдук кылуу жана баа берүү», «Парламенттик көпчүлүк: коалициянын укуктары жана милдеттери», «Пропорциялуу шайлоо системасы: ар түрдүү кызыкчылыктарды жана баалуулуктарды эсепке алуу» сыяктуу маселелер каралат.


Улуу Британиянын Парламентинин Общиналар Палатасынын мүчөсү Джон Манн, ошондой эле Общиналар Палатасынын оппозициясынын башкы спикери Эндрю Росиндэлл Өкмөттүн ишине контролдук кылуу жана баа берүү, көпчүлүк коалициянын укуктары жана милдеттери, пропорциялуу шайлоо системасы жагынан Улуу Британиянын Парламентинин ишинин тажрыйбасы жөнүндө айтып берет.


Маалымат үчүн:


Джон Манн 2001-жылдан тартып Бассетлоуда Лейбористтик Партиядан Парламенттин мүчөсү. 2003-жылы Джон Манн Бассетлоудагы оорукананын шашылыш медициналык жардам кызматын сактап калуу боюнча ийгиликтүү кампанияны өткөргөн, анын натыйжасында бул кызмат иштеген бойдон калды, ал эми 2006-жылы ал алгачкы медициналык жардам фондун бүткүл өлкөнүн масштабында алда канча ири фондго кошуудан сактап калуу боюнча кампанияны утуп алган. Бүгүнкү күндө Джон Манн саламаттык сактоону камсыз кылуу көйгөйлөрү жөнүндө Бассетлоунун калкынын атынан жигердүү сөз сүйлөөнү улантып жатат.


Эндрю Росиндэлл 2001-жылдан тартып Ромфорд округунан консервативдик партиядан Британ парламентинин мүчөсү. 2010-жылдагы шайлоодон кийин Эндрю эл аралык иштер боюнча комитетте иштөөгө шайланган, ал Эл аралык иштер жана Шериктештиктин иштери боюнча министрликтин, анын ичинде дипломатиялык кызматтын иштерине, ошондой эле эл аралык маселелердин алда канча кеңири спектрине байкоо жүргүзүү жагынан иш алып барат.


Эндрю Росинделл жакында эле Демократия үчүн Вестминстердик фонддун башкармалыгынын мүчөсүнүн кызмат ордуна дайындалды, ал институттарды чыңдоо, эркин жана адилеттүү демократияга карай жолдо аларга көмөк көрсөтүү үчүн өнүгүп келаткан демократияны алга илгерилетүүдө.

 

Кошумча маалымат үчүн долбоордун координатору Гульзат Медералиевага: 0553-655518 телефону боюнча, же office@roza.kg э-почтасы боюнча кайрылыңыздар.