Бишкекте «Немецтер Кыргызстандын тарыхында» көргөзмөсүнүн ачылышы болот

September 17, 2014, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду 2014-жылдын 3 октябрында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейинде «Немецтер Кыргызстандын тарыхында» аттуу көргөзмөсүн ачат.

 

Кыргызстан – тарыхый жактан калыптанган көп улуттуу өлкө, анын туруктуу өнүгүшү үчүн кабылдоо, урматтоо жана сабырдуулук мамилелерине негизделген маданий жана этностук байланыштар өтө маанилүү.

 

Көргөзмөнүн башкы максаты – Кыргызстандагы немецтердин тарыхын жана алардын өлкөнүн экономикасынын жана маданиятынын өнүгүшүнө кошкон салымын Кыргызстандын кеңири коомчулугуна жана дүйнөлүк коомчулугукка көрсөтүү, ошондой эле Кыргызстан менен Германиянын интеграциясынын жана кызматташтыгынын андан аркы жолдорун чагылдыруу.

 

Көргөзмөнүн көркөм образы – бул жаңы Мекенге ээ болууга карай жол. Кыргызстандын жери көчкүн немецтер үчүн дал Мекен, үй болуп калды.

 

Көргөзмөнүн экспозициясы төмөнкүдөй эки чоң теманы билдирет:

 

1. ХIХ – ХХ кылымдардын экинчи жарымында Кыргызстан башынан кечирген тарыхый процесстер.

2. Кыргызстандын тарыхы үчүн салымы баа жеткис болгон немецтер.

 

Көргөзмөнү даярдоо ошондой эле илимпоздорго жаңы изилдөөлөрдү жүргүзүүгө дем берди, алардын натыйжалары атайын жыйнакка жарыяланат жана көргөзмөнү ачууга арналган тегерек столдо презентацияланат.

 

Көргөзмөнүн экспозициясы илимий жамаатчылыктын өкүлдөрүнө, ошондой эле кеңири коомчулукка кызыктуу болмокчу. Балдар өзгөчө күткөн меймандар болуп калат, алар үчүн интерактивдүү комплекс атайын даярдалды, ал жерде тажрыйбалуу музейлик педагогдордун жардамы аркасында көргөзмө менен жана бүтүндөй алганда, немец маданияты менен таанышууга болот.

 

Көргөзмөнүн бардык материалдары көргөзмө каталогунда толук көлөмдө сунуш кылынат.

 

«Кыргызстан немецтеринин элдик кеңеши», Германиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги, Гете Институту, К. Аденауэр Фонду, «Интергласс» компаниясы көргөзмөнү даярдоо жана уюштуруу боюнча өнөктөр болуп саналат.