Сабаттуулуктун эл аралык күнүндө Улуттук китепканада үй-бүлөлүк китеп окуунун ресурстук бурчу ачылып жатат

September 8, 2014, 06:00

Бишкек шаарында 8-сентябрда 11.00дө Улуттук китепканада үй-бүлөлүк китеп окуунун ресурстук бурчунун ачылышы болот, ал жерде салтка айланып калган «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» акциясы өтөт.

 

Ачылыш аземине ЮНИСЕФтин КРдагы өкүлү, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле Швейцариянын КРдагы элчилигинин «Көркөм өнөр жана маданият» программасынын өкүлдөрү катышат.

 

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» акциясынын алкагында Кыргызстандын белгилүү инсандары сүйүктүү чыгармаларды окуу жагынан өз тажрыйбасы менен бөлүшөт жана балдар үчүн театрлаштырылган жана оюн-зоок программасы уюштурулат.

 

Быйылкы жылы Сабаттуулуктун эл аралык күнүн майрамдоо Бүткүл дүйнөдөгү балдардын укуктары жөнүндө БУУнун конвенциясы кабыл алынышынын 25 жылдыгына жана аны Кыргызстанда ратификациялоонун 20 жылдыгына туш келтирилди. БУУнун Конвенциясында баланын сабаттуулукка, маалыматка, билимге укугу жазылган.

 

Эске сала кетсек, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду китеп окуу маданиятын жана балдардын китепке кызыгуусун кайра жаратуу идеяларын пропагандалоо максатында 2013-жылдын майында «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» долбоорун демилгелеген. Азыркы балдар китепти аз окуйт, бул инсанды калыптандырууга жана анын чыгармачыл потенциалын өөрчүтүүгө терс таасир этүүдө.

 

Долбоор балада китеп окууга адатты жана ышкыбоздукту калыптандыруунун алмашылгыс элементи катары балдарга үн чыгарып китеп окуп берүү зарылчылыгына коомдун көңүлүн бурат, ошондой эле балдарда китепти сүйүүнү кайра жаратууда, балага адептик багыттагы, таанып-билүүчү, табитти, ой-жүгүртүүнү жана аң-сезимиди өнүктүрүүчү китеп окууну ойготууда ата-энелерге, мугалимдерге, китепканачыларга жардам берүүгө чакырылган.

 

 

Бардык суроолор боюнча «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун билим берүү жагындагы долбоорлорунун координатору Койчукулова Жибекке кайралаңыздар, телефон (312) 660382