Суусамыр жайлоосундагы балдар жана ата-энелер үчүн концерт

August 13, 2014, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Роза Отунбаева 2014-жылы 14-августта Суусамыр өрөөнүндөгү Панфилов районуна караштуу Вознесеновка айыл өкмөтүнө жана Манас районунун Үч-Коргон айыл өкмөттөрүнө караштуу жайлоо бала бакчаларынын ишмердүүлүктөрү менен таанышат. 

 

Бул сапардын алкагында Чүй, Талас жана Жалал-Абад областтарынын жайлоодогу балдар үчүн: Балдар жазуучусу, Чий куурчак жасоо боюнча чебер Жылдыз Бек балдар менен кошо чий куурчактын үлгүлөрүн балдар менен биргеликте жасайт, Сүрөт Акадамиясынын сүрөтчүлөрү балдардын алдында сүрөт тартып, балдардын сүрөткө болгон кызыгууларын жандандырат. И. Арабаев атындагы мамлекеттик университетинин мугалимдери балдар жана ата-энелер үчүн мастер класс көрсөтүшүп, балдарды ар тараптуу өнүктүрүүнүн ыкмалары менен бөлүшүшөт. Педагогика илимдеринин доктору, профессор, кыргыз улуттук оюндары боюнча адис Таалай Үмөтов улуттук оюндардан өрнөктөрдү көрсөтөт. Кыргыз Эл артисти Опера жана балет театрынын балетмейстери Сыдыков Кубан полонез, менуэт, вальс, танго сыяктуу бийлердин айырмачылыктарын практика жүзүндө көрсөтөт. ЮНИСЕФ тин каржылоосунда ишке ашып жаткан «Кенже курактагы балдар үчүн окуу көндүмдөрүн өнүктүрүү» алкагында белгилүү теле алыпбаруучулар Салтанат Саматова жана Гүлзада Медералиевалар балдар үчүн кызыктуу жомок окуп беришет.

  

Концерттик программада: Кыргыз эл артисти Гүлсүн Мамашева, Кыргыз улуттук филармониянын артисттери Мурадыл Сагыналиев, Мээрим Карыпова, Таалай Иманкуловдор элдик ырлардан аткарышат. Акын Мирлан Самыйкожо, Абдраев атындагы музыкалык мектептин жаш таланттары, айтылуу Кытайлык манасчы Жусуп Мамайдын чөбөрөсү Турсуналы уулу Тургунаалы өз өнөрлөрүн тартуулайт. 

 

2014 жылы жай айларында Кыргызстандын бардык областарынын тоолуу аймактарында 35 жайлоо бала бакчалары ачылган. Жайлоо бала бакчалары тоодогу балдарды ар тараптуу өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүү багытын көздөйт. Жайлоо бала бакчаларын ачуу Билим берүү жана илим министрлиги, Жайыт департаменти, жайыт комитеттери жана айыл өкмөттөрү менен кызматташтыкта ишке ашууда. Бала бакчаларды канцеляриялык товарлар менен камсыз кылууда Бакай Банк, Финка, Компаньон, Бай-Түшүм, Мол Булак, Айыл Банк сыяктууфинансалык мекемелери жардам көрсөтүштү. Бул долбоор малчылардын үй-бүлөлөрүндөгү балдарды камтууга мүмкүндүк берет. «Жайлоо бала бакчалары» модели мектепке чейинки билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүк жагынан айылдык жана шаардык райондордун ортосундагы ажырымды кыскартууга көмөктөшөт. 

 

Кошумча маалымат алуу үчүн 0552 600 738, 0555 728899, 0312 660368 телефондоруна кайрылсаңыздар (Асылбек Жоодонбеков, Айзада Ургуналиева) болот.