Гүлдөрдү аранжировкалоонун «Икебана» япон көркөм өнөрү боюнча мастер-класстарга катышууну каалагандардын бардыгын чакырабыз

July 16, 2014, 06:00

Икэбана (икебана) – гүлдөрдү аранжировкалоо жагынан япондордун салттуу көркөм өнөрү; кыйып алынган гүлдөрдөн, өнүмдөрдөн атайын идиштерде композицияларды түзүү жана аларды бөлмөдө жайгаштыруу. Икэбананын негизинде жөнөкөй кооздук принциби турат, ага материалдын табигый кооздугун табуу менен жетишилет.

 

Икэбана боюнча мастер-класстарды Россиядагы Согэцу япон мектебинин Somu1-даражадагы Икэбана чебери, Москвадагы Япон үйүндөгү икэбанакурстарын окутуучу Чынара Мундузбаева өткөрөт. Чынара Мундузбаева икэбана боюнча эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу жана Токиодого Ikebana International 9-Дүйнөлүк Конвенциясынын демонстранты болуп саналат.

 

Икэбана боюнча мастер-класстар 2014-жылдын 21-22-июлунда «Бишкек-Парк» соода-оюн-зоок борборунда (0-кабатта) төмөнкүдөй график боюнча өтөт:

 

21-июлда – 1-агым – 11:00-13:00

21-июлда – 2-агым– 18:00-20:00

 

22-июлда – 1-агым– 11:00-13:00

22-июлда – 2-агым– 18:00-20:00

 

Мастер-класстарга катышууга бардык каалоочулар чакырылат.

 

Мастер-класстарга катышуу 200 сом өлчөмүндөгү төгүмдү карайт, ал гүлдөрдү жана башка чыгымдалуучу материалдарды сатып алуу үчүн зарыл. Икэбана үчүн топтомдорду уюштуруучулар берет. Мастер-класстын узактыгы2 саатты түзөт.

 

24-июлда саат 11.00дөн тартып «Гүлдөгөн Кыргызстан» икэбанакөргөзмөсү ачылат, ал жерде чебер Чынара Мундузбаеванын жана анын окуучуларынын иштери көргөзмөгө коюлат. Көргөзмө «Бишкек-Парк»соода-оюн-зоок борборунун 3-кабатында өтөт. Көргөзмөгө эшик ачык.

 

Көргөзмөгө катышууга бардык каалоочулар чакырылат. Бардык чыгымдалуучу материалдарды катышуучу өзү алып келет.

 

Мастер-класстарга катышуу жана/же көргөзмөгө катышуу үчүн төмөнкүдөй телефон боюнча катталуу зарыл:(0312) 66-03-68, 0(550) 328899, Айзада Ургуналиева.

 

Маалымдама:

Гүлдөрдүаранжировкалоо боюнча мастер-класстар жана «Гүлдөгөн Кыргызстан» көргөзмөсү «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун коштоосу менен “Ikebana International”, "ASATO TRADING COMPANY" жана «Бишкек-Парк»соода-оюн-зоок борборунун колдоосу менен өткөрүлүп жатат.