Бишкекте «Ачык билим берүү ресурстары жана санариптик билим берүү» эл аралык конференциясы болот

June 21, 2014, 06:00

23-июнь2014-ж. саат 09.00дөн 17.00гө чейин Бишкек шаары, Кыргыз Республикасы, «Ачык билим берүү ресурстары жана санариптик билим берүү» эл аралык конференциясы болот.

 

Конференция «Сорос-Кыргызстан» Фондунун «Маалымат эркиндиги» программасынын финансылык колдоосу алдында «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду ишке ашырып жаткан «Ачык китеп» долбоорунун алкагында өткөрүлөт.


Конференциянын максаты – Борбордук Азия жана Монголия өлкөлөрүндө ачык билим берүү жана илимдерге эркин жеткиликтүүлүк идеяларын жылдыруу. Иш чара Улуу Британиянын, Кыргыз Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Польша Республикасынын, Россия Федерациясынын, АКШ жана Тажикстандын ачык билим берүү ресурстарын (АБР) өнүктүрүү саясаты жаатында мамлекеттик сектордун, билим берүү коомдоштугунун, жарандык активисттердин жана эксперттердин ортосунда тажырыйба, илим жана идеяларды алмашууга багытталган.

 

Конференцияга вице-премьер-министр Э. К. Сариева, КР Били берүү жана илим министри К. Ж. Садыков, КР Жогрку Кеңешинин депутаттары: К. О. Осмоналиев, Р. К. Акназарова, Э. С. Иманалиева, КР Президентинин Аппаратынын өкүлү Г. К. Каримова, КР Өкмөт Аппаратынын өкүлү А. А. Муратов, ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарынан жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышышат.


Конференцияда АБР киргизүү боюнча дүйнөлүк алдыңкы тажырыйбалар, санариптик билим берүү контентин өнүктүрүүгө жана аларга карата бекер жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга багытталган өлкөлөрдүн ийгиликтүү саясаттары, электрондук окуу китептерин киргизүү боюнча жаңычыл тажырыйбалар жана билим берүүгө жеткиликтүүлүктү жогорулатуу боюнча башка усулдар көрсөтүлөт, ошондой эле ачык билим берүү ресурстары боюнча Кыргызстандын Улуттук Концепциясынын долборунун бетачары болот.

 

Конференцияны кеңири чагылдырууга бардык жалпыга маалымдоо каражаттары жана кайдыгер эмес журналисттер чакырылат.


Бардык суроолор боюнча төмөнкү телефондорго кайрылыңыздар: 0312660368, 0550833778 Нуржаз Шеримбекова, Гульзада Ургуналиева.