«Кыргыз Республикасында кенже курактагы балдар үчүн китеп окууну алга илгерилетүү» долбоору боюнча иш-чаралардын пресс-релизи

June 17, 2014, 06:00

2014-жылдын 18-июнунда Бишкек шаарында «Кенже курактагы балдар үчүн китеп окууну алга илгерилетүү» долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасында кенже курактагы балдарды эрте өнүктүрүүнүн (ККБӨ) жана мектепке чейинки билим берүүнүн (МБ) маселелерин чагылдырууда республикалык жана региондук журналисттердин потенциалын күчөтүү максатында тренинг өткөрүлөт.

 

Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар өлкөдө жана дүйнөдө жүргүзүлүп экономикалык жана социалдык реформалардын өңүтүндө ККБӨнүн жана мектепке чейинки билим берүүнүн маанилүүлүгүн талкуулайт, ККБӨнү жана мектепке чейинки билим берүүнү чагылдырууга учурдагы кесиптик талаптарды айкындайт жана ККБӨнүн жана мектепке чейинки билим берүүнүн маселелерин алга илгерилетүүдө ЖМКнын мүмкүнчүлүктөрүн аныктайт.

 

Тренингге тандалган табыштамалардын негизинде КРнын бардык региондорунан ЖМКлардын өкүлдөрү катышат деп пландаштырылууда.