«2014 Мекендештер: Кыргызстандын келечегине салым» форумуна чакыруу

June 16, 2014, 06:00

25-27-июлда Бишкек шаарында «2014 Мекендештер форуму: Кыргыз Республикасын өнүктүрүүгө салым» экинчи конференция-саммити өтөт.


«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду чет өлкөдө жашаган, өлкөгө пайда келтирүүгө жана Кыргызстанды өз мекеним деп эсептеген азыркы жана келечектеги муундар бакубаттуулукка жана гүлдөп-өнүгүүгө жетишүүсүнө катышууга ниеттенген мекендеш кыргызстандыктар үчүн конференция-саммитти даярдап жатат.


Уюштуруучулар мекендештерибиз өлкөдөн тышта жүргөн мезгилде ээ болгон жөндөмдөр, компетенциялар бүгүнкү күндө турмуштун бардык чөйрөлөрүндө, анын ичинде бизнесте, мамлекеттик кызматта, шаарларды, айылдарды, инфраструктураны, айыл чарбасын, билим берүүнү, саламаттык сактоону өнүктүрүүдө жана Кыргыз Республикасындагы экономиканын башка чөйрөлөрүндө жана секторлорунда талап кылынууга тийиш деп ишенет.


Кең-кесири http://mekendeshter.org/conf2014/ сайтында