«Мектеп тамак-ашы – мыкты билимдерге карай жол!» - 2014-жылдын 31-майында саат 10.00дө ушундай ураан астында Жалал-Абад шаарынын Барпы борбордук аянтында балдар жана ата-энелер үчүн акция болуп өттү

May 30, 2014, 06:00

«Мектеп тамак-ашы – мыкты билимдерге карай жол!» - 2014-жылдын 31-майында саат 10.00дө ушундай ураан астында Жалал-Абад шаарынын Барпы борбордук аянтында балдар жана ата-энелер үчүн акция болуп өттү. Бул иш-чаранын негизги максаты мыкты тамак-аш жөнүндө калктын маалымдар болушун арттыруу болуп саналат.


Бул акциянын алкагында №75 кесиптик лицейдин шеф-ашпозчуларынан балдар үчүн кулинардык мастер-классты өткөрүү пландаштырылууда, ал жерде катышуучулар банан кекстерин жасоо жөндөмдөрүн алат, өз алдынча камыр жууруганды үйрөнөт, тамактын рационун пландаштыруунун маанилүүлүгү жөнүндө жана айрым продуктулардагы витаминдердин курамы жөнүндө маалымат алат.


Меню:

- эки тамакты – банан кексин, жемиш салатын жасоо;

- суусундуктарды таратууну уюштуруу;

- 300 адамды камтуу менен тамак-аш моделдерин (банан кекси, жемиштер) таратуу.


Мындан тышкары, Бишкек шаарынын аниматорлорунун катышуусу менен «Чемпиондун эртең мененки тамагы» мыкты тамак-ашы боюнча окутуучу интерактивдүү оюн өтөт, анын учурунда балдар мыкты тамак-аш маршруту боюнча кыдырып, интерактивдүү оюндарга катышып, ошондой эле байгелерди жана белектерди ала алат.


Иш-чара асфальттагы сүрөттөрдүн конкурсу менен аяктайт.


Бул иш-чара «Мектеп тамак-ашы боюнча мамлекеттик саясатты алга илгерилетүүгө көмөктөшүү» программасынын алкагында өткөрүлөт – ал БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын финансылык колдоосу менен «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ тарабынан жүзөгө ашырылат жана «Кыргыз Республикасында мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу» программасынын бир бөлүгү болуп саналат.

 

Фото БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан берилди