«Кенже курактагы балдар үчүн китеп окууну алга илгерилетүү» долбоору «Мектепке чейинки билим берүү жана китеп окуу маселелерин ЖМКда чагылдыруу»

May 29, 2014, 06:00

Бүгүнкү күндөгү мектепке чейинки курактагы кыргызстандыктар – булар келечектеги адамдык капитал. Бул куракта калыптанган дал ушул көрөңгүлөр аларга келечекте эркин багыт алган жана татаалданып бараткан коомго камыр-жумур аралашкан ийгиликтүү инсан болууга мүмкүндүк берет. Алардын социалдык ресурстары үй-бүлөлүк чөйрөдө гана эмес, ошондой эле мектепке чейинки мекемелерде калыптана баштайт.


Балдар бакчаларынын жеткиликтүүлүгү – Кыргызстанда иш жүзүндө ар бир үй-бүлөнүн кызыкчылыгын козгогон маселе. Мектепке чейинки мекемелер жана программалар менен камтуунун төмөндүгү келечек муундардын турмушунун сапаты төмөндөшүнө алып келет, анткени балдар бакчасы кастыгы жок чогуу жашоо, сабырдуу жана көп түрдүү чөйрө менен камсыз кылат.


Айыл жеринде айылдык жана мектеп китепканаларынын китеп фонддору бузулган жана толукталбай жатат, буга байланыштуу билим алуунун өбөлгөсү катары китеп окуу айыл калкынын жана үй-бүлөнүн күндөлүк турмушунан алыстап баратат.


Бул көйгөйдү биргелешип талкуулоо үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасында бала чагынан китеп окуу проблематикасына берилген журналисттер командасын түзүү максатында «Мектепке чейинки билим берүү жана китеп окуу маселелерин ЖМКда чагылдыруу» семинарын өткөрүү пландаштырылып жатат.


Семинардын милдеттери:

• балдарды эрте куракта өнүктүрүү жана мектепке чейинки билим берүү маселелерин чагылдыруу жагынан ЖМКлардын инновациялык технологияларын иликтөө;

• мектепке чейинки билим берүү жана эрте куракта китеп окуу маселелерин талкуулоо үчүн аянтчаларды түзүү;

• мектепке чейинки билим берүү жана китеп окуу маселелерин чагылдыруу концепциясын (программаларды, компоненттерди, технологияларды) иштеп чыгуу.


Катышууга балалык, мектепке чейинки билим берүү, балдарды өнүктүрүү жана тарбиялоо маселелерин чагылдырууга адистешкен/ынтызар журналисттер чакырылат. Семинардын катышуучулары «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун маалымат базасына киргизилет, бул келечекте аларга фонддун алдыдагы иш-чаралары жөнүндө маалыматты биринчилерден болуп алуу мүмкүнчүлүгүн берет.


Өткөрүү датасы: 2014-жылдын 13-июну, 09.00 – 17.00


Орундардын саны чектелүү болгонуна байланыштуу, тренингге тиркемедеги алдын ала буйрутма боюнча гана катышууга болот. Толтурулган буйрутманы 2014-жылдын 6-июнуна чейин preschool.edu@roza.kg электрондук дареги боюнча жөнөтүү зарыл. Тандалган катышуучуларга программа жана башка кошумча маалымат жөнөтүлөт.


Алда канча кең-кесири маалымат үчүн төмөнкүдөй байланыштар боюнча кайрылыңыздар: 0312660368, preschool.edu@roza.kg – Гульзада Ургуналиева – долбоордун ассистенти.


Бул семинар ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасынлдагы Өкүлчүлүгү финансылаган «Кенже курактагы балдар үчүн китеп окууну алга илгерилетүү» долбоорунун алкагында өткөрүлөт.



«Мектепке чейинки билим берүү жана китеп окуу маселелерин ЖМКда чагылдыруу» семинарына катышуу үчүн анкета