Жайлоо бала бакчаларынын тарбиячылары жана жайыт комитеттеринин башчылары үчүн тренинг

May 29, 2014, 06:00

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду Баткен, Жалал-Абад, Ош областарынын «Өз күчүбүз менен жайлоо бала бакчалары” долбооруна катышкан жайыт комитеттери жана тарбиячылар үчүн үч күндүк тренинг 2014 – жылдын 30 – майдан 1 – июнга чейин Ош Мамлекеттик Университитинин базасында өтөт. Тренинге Баткен, Кадамжай, Лейлек, Сузак, Аксы, Алай, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн райондорунан жалпы 30 дан ашык өкүл катышат.


2014 жылы жай айларында Кыргызстандын бардык областарынын тоолуу аймактарында 35 жайлоо бала бакча ачуу пландалууда. Жайлоо бала бакчаларында тоолуу аймактарда жашаган мекендештерибиздин балдары үч ай бою күнүгө үч сааттан окуп, бири-бири менен эриш аркак иштеп, ар тараптан өнүгүүгө мүмкүнчүлүк алат.


Жайлоо бала бакчаларын ачуу Билим берүү жана илим министрлиги, Айыл чарба жана мелиорация министрлиги, жайыт комитеттери жана айыл өкмөттөрү менен кызматташтыкта ишке ашат. Бул долбоор малчылардын эң кедей үй-бүлөлөрүндөгү балдарды камтууга мүмкүндүк берет. «Жайлоо бала бакчалары» модели мектепке чейинки билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүк жагынан айылдык жана шаардык райондордун ортосундагы ажырымды кыскартууга көмөктөшөт.


Тренинг “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду, И. Арабаев атындагы мамлекеттик университети, Ага Хан фонду, Ош Мамлекеттик Университеттеринин кызматташтыгында өтөт. Тренингде Бул мезгилге чейинки жайлоо бала бакчаларынын тажрыйбасы, жайлоо бала бакчаларынын өзгөчөлүктөрү сыяктуу маселелер каралат.

 

Кошумча маалымат алуу үчүн 0552 600 738, 0771 388 596 телефондоруна кайрылсаңыздар (Асылбек Жоодонбеков) болот.