Ж.А. Зайончковскаянын «Орто Азиядан Россияга келген мигранттар» докладынын презентациясы

February 27, 2014, 06:00

25-февралда Бишкекте миграция жана демография боюнча россиялык эксперт Жанна Зайончковскаянын «Орто Азиядан Россияга келген мигранттар» деген ачык лекциясы өттү.


Ж.А. Зайончковская Россияда жана постсоветтик мейкиндик боюнча миграциялык кырдаалдын мониторингин жүргүзөт, аргасыздан көчүп келгендердин жана качкындардын россиялык социумга интеграциясын, үчүнчү дүйнөнүн өлкөлөрүнөн келген мыйзамсыз миграцияны, өнөр жайдын жогорку технологиялуу тармактарынан жөндөмдүү адамдардын кетип жатышын, россиялык илимпоздордун батыш өлкөлөрүндөгү адаптациясын изилдейт.


Сизге Жанна Антоновна Зайончковскаянын докладынын презентациясы менен таанышууну сунуш кылабыз.



Орус тилинде Ж.А. Зайончковскаянын «Орто Азиядан Россияга келген мигранттар» деген докладын көчүрүп алуу.


Маалымат

Ж.А. Зайончковская Бишкекте «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун чакыруусу боюнча жүрөт.

Жанна Антоновна Зайончковская РАНдын Эл чарбасын болжолдоо институтунун калктын миграциясын талдоо жана болжолдоо лабораториясынын башчысы, КМШдагы аргасыз миграциянын көйгөйлөрүн изилдөө институтунун президенти болуп саналат. 2013-жылдан тартып – миграция боюнча федералдык эксперт, бул чөйрөдө РФнын кеңештеринин мүчөсү. Россиянын жана мурдагы СССРдин республикаларынын калкынын миграциясы, отурукташтыруунун жана эмгек рыногунун көйгөйлөрү, урбанизация боюнча адис.