Роза Отунбаеванын Токмок шаарындагы Борбордук Азиядагы Эл аралык университеттин студенттери менен жолугушуусу жөнүндө пресс-релиз

May 10, 2013, 06:00

2013-жылы 8-майда Роза Исаковна Отунбаева педагогика кафедрасы уюштурган Борбордук Азиядагы Эл аралык университеттин студенттери үчүн лекция окуду. Лекцияны педагогика факультетинин студенттери, эл аралык мамилелер факультетинин студенттери менен окутуучулары угушту. 

Жолугушуунун темасы: “Мектепке чейинки билим берүү: өнүгүү перспективалары”. Лекция динамикалуу өтүп Роза Исаковна мектепке чейинки билим берүүнү, бул тармактагы академиялык изилдөөлөрдү, ошондой эле бул теманын Кыргызстандын өнүгүүсүнүн азыркы учурдун шарттарындагы маанилүүлүгүнүн жана актуалдуулугунун эң кеңири маселелерин камтый алды. Лекция башкы үч постулатка негизделди. 

1) Бала – бул бүт өлкөнүн ийгилигинин ачкычы. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында 800 миңге жакын мектепке чейинки жаш курагындагы балдар бар. Аларга ылайыктуу мамиле жасоо, мектепке чейинки билим берүү жана көндүмдөрдү калыптандыруу талап кылынат, бул адамдын мээсинин өнүгүүсү жана кабыл алуусу 7 айлык мезгилден башталгандыгы менен түшүндүрүлөт. Ошондуктан бүгүнкү күндө коомдо резонанс пайда кылып жана мына так ушул өнүгүү үчүн маанилүү жаш курагына көңүл буруу керек. Берилген билим жана биринчилик көндүмдөр баланын келечегине байланыштуу, а демек өлкөнүн да келечегине байланыштуу.

2) Мектепке чейинки билим берүүчү окутуучуларды жана инфраструктураны даярдоо. Азыркы учурда Кыргыз Республикасында квалификациялуу окутуучуларды (бала бакчалардын жана башка мектепке чейинки мекемелердин тарбиячылары) даярдоо маселелеси абдан курч турат. Бүгүнкү күндө квалификациялуу билимдер берилбеген педагогикадагы классикалык билим берүүнү, кошумча альтернативдик билимдерди айтпаганда, болгону саналуу гана жогорку окуу жайлар бере тургандыгын билгилей кетүү маанилүү. Балдар бакчалары такыр эле жетишпегендиги тууралуу маселе да көтөрүлгөн, ошондой эле бала бакчадагы толук эмес күн, жайлоо-бала бакчасы, кичи бала бакчалар сыяктуу бул көйгөйдү чечүүнүн альтернативдик жолдору сунушталган.

3) Мектепке чейинки билим берүү маселелерине мамлекеттик органдар тарабынан тиешелүү мамиле. Кыргыз Республикасында мектептерге, мугалимдерге, врачтарга, ооруканаларга тийиштүү көйгөйлөр көп көтөрүлөт, бирок бир да жолу мектепке чейинки билим берүү тармагынын көйгөйлөрү каралган эмес. Бүгүнкү күндө бул тармак мамлекеттик саясатты кайра карап чыгууну жана тийиштүү ыкмаларды талап кылып жатат. 

Лекция аяктагандан кийин студенттерде көп суроолор пайда болгон. Студенттер кыргыз тилинин өнүгүшүнө жана окуу китептери менен окутуунун атайы программасы жок кантип кыргыз тилин үйрөнүүгө боло тургандыгына кызыгышты. Мамлекеттик жана жеке балдар бакчаларында сапаттуу билимди кантип берүүгө боло тургандыгы да аларды кызыктырып жана баалар менен сапатты эсепке алуу менен саясатты туура жүргүзүү боюнча, мектепке чийинки билим берүүнүн адистерин кайдан алууга боло тургандыгы жөнүндө дискуссия жүргүзүштү. Аларды азыркы мезгилдин талабына ылайык кантип сапаттуу даярдоого болот?

Роза Исаковна менен 2009-жылы жарыланган акысыз китептер жөнүндө Президенттин Указын жана эмне үчүн азыркы мезгилге чейин кабыл алынган мыйзам иштебегендигин абдан кызыгуу менен талкуулашты. Ошондой эле мектепке баланы өткөрүү үчүн финансылык түрүндөгү же башка колдоого болгон мектептин талаптарын жана мектеп ичинде болуп жаткан зомбулук менен кантип күрөшүүгө боло тургандыгына байланыштуу маселелер талкууланды.

Студенттер ошондой эле “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун ишине да кызыгууларын билдиришти. Бардык суроолорго жооптор алынды.