«Discover Asia» долбоорунун алкагында Борбордук Азия боюнча эксперт Аркадий Дубновдун ачык лекциясы болду
December 18, 2013, 06:0013-декабрда «Discover Asia» долбоорунун алкагында Борбордук Азия боюнча эксперт Аркадий Дубновдун ачык лекциясы болду. Бул жолугушуунун учурунда ал Кыргызстандагы коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө, коррупция менен кармалган адамдын бийликте турууга мүмкүнчүлүгү болууга тийиш эместиги жөнүндө айтып берди. Бирок бул эрежени киргизүү милдети али алдыда турат, анткени чиновниктер менен депутаттар коррупционер экенин жашырбаган, бирок алардын кылмышынын мөөнөтү эскиргендигинен улам алар иштөөнү улантып жаткан учурларды бардык жерден көрүп жатабыз. Дубнов ошондой эле азыркы бийликтин биринчи кезектеги милдеттерин баяндады, алардын ичинде эки революциядан кийин бийликти мыйзамдаштыруу эң маанилүүсү болуп саналат. Эгерде жөнөкөй сөз менен айта турган болсок, биринчи кезекте мурдагы эки режимдин кулашынын себеби болгон нерселерди жоюу керек – булар «Үй-бүлөнү» түзүүдөн баш тартуу; коррупцияга каршы аеосуз күрөшүү; топтошкон адамдардын укугуна каршы мыйзамдын үстөмдүгү; элитанын жоопкерчиликсиз бөлүгүнүн экономикалык популизмден баш тартышы. Эксперттин пикири боюнча, ал президенттин «Үй-бүлөсүн» көргөн жок жана коррупцияга каршы аеосуз күрөш жүргүзүлөөрүнө ишеним менен карайт. Лекция, анын ичинде эксперттерден берилген суроолор 2 саатка созулду. Өтө кызуу талкуу болду, көптөгөн суроолор Бажы Союзуна Кыргызстандын киришинин келечектерине арналды.