Балдарга социалдык жана финансылык билим берүүнүн «Афлатун» программасы боюнча тренинг өттү
December 21, 2013, 06:0019-декабрда, Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Афлатун» программасы – балдар менен өспүрүмдөрдүн социалдык жана экономикалык жигердүүлүгү боюнча лекция болду. Маалымат үчүн Афлатун – бул 6-18 жаштагы балдарга балансташкан социалдык жана финансылык билим берүү программасы. Социалдык жоопкерчиликтин жана финансылык сабаттуулуктун негиздерине окутуу формалдуу, ошондой эле формалдуу эмес билим берүүнүн бир бөлүгү болушу мүмкүн. Балдарга социалдык жана финансылык билим берүү өзүнө окутуунун эки багытын: өз коомун аң-сезимдүүлүк менен өнүктүрүүгө мүмкүндүк берген укуктар менен милдеттерди түшүнүүнү жана колдо болгон ресурстарды мыкты түрдө пайдаланууга мүмкүндүк берген финансылык билимдер менен жөндөмдөрдү камтыйт.
Loading...