«STEM’деги айымдар» инновациялык долбоорлорунун конкурсунун жеңүүчүлөрүнүн ысымдары аталды
November 3, 2018, 06:002018-жылдын 1-ноябрында И.Раззаков атындагы КМТУда АКШнын КРдагы Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын колдоосу менен жүзөгө ашырылып жаткан «СТЕМде айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ролун жогорулатуу» долбоорунун алкагында «STEM’деги айымдар» инновациялык долбоорлорунун конкурсунун жыйынтыктары чыгарылды. Конкурска Чүй, Нарын, Ош, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Талас областтарынан жана Борбордук Европадан арыздар келип түшкөн. Курамына ар түрдүү багыттар боюнча ата-мекендик жана чет өлкөлүк эксперттер кирген калыстар тобу долбоорлорду төмөнкүдөй критерийлер боюнча баалады: долбоордун инновациялуулугу; сунуш кылынып жаткан идеялардын атаандаштык артыкчылыктары; билдирилген параметрлердин Кыргыз Республикасы үчүн актуалдуулугу жана аларга жетишүү ыктымалдуулугу. Калыстар тобунун мүчөлөрүнүн чечими боюнча жеңүүчүлөр жана 1000 АКШ доллары өлчөмүндөгү долбоорду ишке ашыруу үчүн материалдарды жана приборлорду сатып алууга гранттын ээси деп 10 мыкты инновациялык долбоор аталды. 1. Нарын шаарынын мектеп окуучулары үчүн робот техникасы боюнча ийримдерди уюштуруу (Бейшеналиева Уулкан Үсөнбековна, Нарын областы). 2. Таштандылардын алда канча көп тараган түрлөрүнүн биринин – пластик бөтөлкөлөрдүн экинчи жашоосунун жана аларды кайра иштетүүнүн мүмкүнчүлүктөрү (Самидинова Дилбар Полотовна, Ош областы). 3. Айыл чарба өсүмдүк жана мал чарба калдыктарын микробиологиялык ыкма менен кайра иштетүү (Жумабаева Таасилкан Токтомаматовна, Ош областы). 4. Акылдуу күнөскана (Жолдубаева Эльнура Жолдубаевна, Чүй областы). 5. ЭКГ сигналды санариптик өткөргүч (Абдыманап кызы Мээримкүл, Чүй областы). 6. I way (invisible way) мобилдик тиркемеси (Тайирова Накылай, Чүй областы). 7. Калдыктарды бөлүү, аларды чогултуу жана андан соң кайра иштетүү аркылуу курчап турган чөйрөнү коргоо (Жумамүдүнова Нурзат Шайлообековна, Чүй областы). 8. «Кара - Буура» мамлекеттик жаратылыш сейил багынын кыртышынын күрдүүлүгүн жогорулатуунун экологиялык негиздери жана аларды сарамжалдуу пайдалануу (Туткучбаева Каныкей Абдыжапаровна, Талас областы). 9. АСКУЭ – электр энергиясын эсепке алуу, анын сапаты боюнча ачык чечим (Көкүмбаева Күлүмкан Асановна, Жалал-Абад областы). 10. СТЕМде айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ролун жогорулатуу (Ибраева Нургуль Ашимбековна, Ысык-Көл областы). Эске сала кетели, Конкурс жогорку инновациялык потенциалы бар адис кыз-келиндердин, техникалык ЖОЖдордун жана жогорку класстардын окуучу кыздарынын жана мектептердин (гимназиялардын), лицейлердин жогорку класстарынын окуучу кыздарынын арасынан кайталангыс идеяларды табуу максатында өткөрүлдү.