30-31-октябрда Ош шаарында туура тамактануу боюнча эки күндүк семинар-тренинг өттү
November 2, 2018, 06:00РФнын финансылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Жергиликтүү бийлик институттарыны жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн потенциалын арттыруу аркылуу туура тамактануунун жана туура тамактануу көндүмдөрүн калыптандыруунун негиздери боюнча калктын маалымдар болушун арттыруу» деген биргелешкен долбоордун алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун Азык түлүк жана айыл чарба уюму (БУУ ФАО) жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ тарабынан Ош шаарында туура тамактануу боюнча эки күндүк (30-31-октябрь) семинар-тренинг өткөрүлдү. Семинар-тренингге Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарынан жана Ош шаарынан 70ке жакын адам: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн областтардагы Ыйгарым укуктуу Өкүлчүлүгүнүн, Областтык билим берүү борборлорунун, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, акимдердин биринчи орун басарлары жана акимдердин социалдык маселелер боюнча орун басарлары, Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун директорлору жана алардын орун басарлары, областтык аймактык ооруканалардын, СКЗлардын жана КУЗдардын өкүлдөрү, ошондой эле КР ССМдин оорулардын алдын алуу жана экспертиза департаментинин өкүлдөрү катышты. Семинардын катышуучулары ден соолуктун баалуулуктары жана тамактануу маданияты, тамак-аштын компоненттери жана алардын адамдын организминдеги ролу жөнүндө, тамак-аштан келип чыгуучу оорулар жөнүндө маалымат алды. «Тамактануу пирамидасы» (тамак-аш пирамидасы), «Таза тарелка», «Кооздолгон мөмө алкагы» жана мүмкүнчүлүктөрдүн терезелери (кош бойлуу аялдын тамак-ашы, эмчектеги балага тамак берүү, эки жашка чейинки баланын тамактануусу) деген түшүнүктөр жана тамак-аш азыктарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана тамак-аш ичүүнүн бузулуулары жөнүндө түшүнүктөр менен таанышты. Жогоруда саналган темалар боюнча активдүү дискуссия өттү. Ошондой эле семинардын катышуучуларына балдардын тамак ичүү адаттары жөнүндө видеоролик көрсөтүлдү. Семинар аяктагандан кийин катышуучулар таза жана туура тамактануунун эрежелерин, Туура тамактануу саясатын киргизүү жана алга илгерилетүү пландарын иштеп чыкты, бул темага окутуучу иш-чараларды жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи жана пайдалуу маалыматтарга жык толгон семинар үчүн уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди. Семинардын машыктыруучусу техникалык илимдердин кандидаты, доцент, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин «Ресторан иши жана кулинария өнөрү» бөлүмүнүн башчысы Кыдыралиев Нурудин Абдыназарович болду.