Сузак районунун тургундарын ар түрдүү азыктардан тамак жасоого үйрөтүштү
October 5, 2018, 06:00«Кыргыз Республикасында улуттук деңгээлде азык-түлүк коопсуздугунун жана тамактануунун маселелери боюнча маалымдар болууну жана аны жактоону арттыруу» долбоорунун алкагында 1-октябрдан 3-октябрга чейин Жалал-Абад областынын Сузак районунун Багыш, Сафаровка, Октябрь айылдарында улуттук ашкананын 25 тамак-ашын жасоо боюнча иш (мастер-класс) жүргүзүлдү. Белгилеп кетели, 25 бенефициарийдин ортосунда туура тамактануу боюнча мурда иштелип чыккан рецептура боюнча тамак-аш накта азыктардан жасалды. Баса белгилеп кетүү керек, жогоруда аталган айылдардын тургундарын калориялуулугу жогору болгон накта жана ар түрдүү азыктардан тамак-ашты жасоого үйрөтүштү. Тамак-аш калктын ден соолугун аныктаган маанилүү факторлордун бири болуп саналат. Туура тамактануу балдардын ойдогудай өсүшүн жана өнүгүшүн камсыз кылат, оорулардын алдын алууга, адамдардын өмүрүнүн узактыгына, эмгекке кудуреттүүлүгүн жогорулатууга көмөктөшөт жана алардын курчап турган чөйрөгө адекваттуу адаптацияланышы үчүн шарттарды түзөт. Калктын өзүндө тамак-ашка акыл-эстүү мамилени калыптандыруу, анын рационалдуу тамактануусу жана тамактануу маданияты үчүн шарттарды түзүүгө даярдыгы калкка маалымдоо боюнча мамлекеттик саясаттын кыйла маанилүү компоненти болуп саналат. Коомчулук жетишсиз деңгээлде маалымдалган. Эске сала кетели, «Кыргыз Республикасында улуттук деңгээлде азык-түлүк коопсуздугунун жана тамактануунун маселелери боюнча маалымдар болууну жана аны жактоону арттыруу» долбоорун «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба программасы менен бирдикте ишке ашырып жатат.