«Көчмө өнүгүү борбору»2018-жылды балдарга эрте курактан баштап китеп окуп берүүнүн мааниси тууралуу иш чара менен баштады
January 19, 2018, 06:00Бүгүн Бишкек шаарынын Дордой конушундагы №94 мектептин базасында КӨБ өзүнүн кезектеги тренингин өткөрдү. Ага 50 ата-эне жана 55 алардын балдары катышты. Тренингдин темасы: «Эрте куракта балдарды өнүктүрүүдө китеп окуунун мааниси» деп аталды. Бүгүн Ак-Бата конушундагы №43 мектепте өткөн ушундай эле иш чарага 45 ата-эне жана 90 бала катышты. Дордой конушунун тургундары, КӨБдүн иш-чараларынын дайыма катышуучулары өз ойлору менен төмөнкүчө бөлүшүштү: Пазылова Жылдыз: "Мен КӨБдүн тренингдерине 2017-жылдан бери үзбөй катышып келатам. Көп нерсени үйрөндүм, башкысы менин беш балам бар, бирок ушул маалга чейин мен аларга көп көңул буралбай келгем. Ушуну ойлоп азыр абдан кейип отурам, көрсө алар кичине мезгилде көбүрөөк көңүл буруу керек экен. Мага окшогон ата-энелер көп. КӨБ өткөргөн тренингдер көзүбузду ачты десем жаңылбаймын”. Шабданова Тумара: “Менин беш балам бар. Үйдө отурсам да балдардын эрте курактагы өнүгүүсүнө буга чейин маани берген эмес элем. Балдарга бул куракта көп көнүлбуруу керектигин эми билип отурам. Бүгүн менин 4 жаштагы балам тренинг учурунда абдан жакшы сүрөт тартты. Анын сүрөткө шыгы бар экенин биринчи жолу байкадым“. Калмукамбет кызы Феруза: Менин эки балам бар. КӨБдүн тренингдерине балдарымды дайыма алып келем. Бул иш чаралардан мен ата-эне балдарына кандай мамиле жасоосу керек, алар менен кандай оюндарды ойносо болоорун үйрөндүм. Мурда көп көңүлбурчу эмесмин. Азыр эки жарым жаштагы кызымдын бардык суроолоруна өз убагында туура жооп берем, аны менен ойноймун. Биз балдарга абдан дитибизди коюп, жакшы мамиле жасашыбыз керек экен, менде ушул сезим пайда болду”. Иш чара алкагында “Жылдыздар балдарга китеп окуйт” долбоору боюнча белгилүү балдар жазуучусу, Тоголок Молдо атындагы сыйлыктын ээси, ЮНИСЕФ жана Ага Хан фонд уюштурган конкурстардын жеңүүчүсү, балдардын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон адабий каармандар Акылай жана Актанды жараткан Жылдыз Акаева өзүнүн китебинен балдарга жана ата-энелерге окуп берди. Ошондой эле ал өзү жасаган чий куурчактарын балдарга көрсөттү. Алардын суроолоруна жооп берди. Иш чара учурунда “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун директору Д.Ш.Кендирбаева балдардын эрте курактагы өнүгүүсүндө китеп окуунун мааниси тууралуу презентация жасады, жомок окуп берди жана балдар менен ойноонун интерактивдык ыкмаларын көрсөтүп, үйрөттү. Эрте куракта балдарды өнүктүрүу жаатындагы эксперт А.У.Агайдарова 3-6 жаш курактагы балдар үчүн интеллектуалдуу оюндар боюнча презентация жасады. Оюндар ошол замат балдар жана ата-энелер менен биргеликте аткарылды. Тренингке келип катышкандар көрүп, угуп алган маалыматтарына абдан ыраазы болушту.