Кыз энесин карап өсөт
July 25, 2017, 06:00Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде демейдегиден башкача «Кыз-эне же Мурас боюнча көркөм өнөр» көргөзмөсү ачылды. Анын кайталангыстыгы экспозицияда 22 чыгармачыл үй-бүлөнүн жана династиянын эмгектери сунуш кылынган. Элде жамандан жаан чыгат, жакшыдан мөөн чыгат деген сөз бар. Бирок кыргыздардын элдик өнөрүндө кылымдардан бери энеси билген өнөрүнүн баарын кызына үйрөтөт. Адегенде кыз энеси эмне кылып жатканын байкап гана турат. Баласы кызыгып жатканын байкаган энеси ага адегенде анча татаал эмес нерселерди өзү жасап көрүшүнө мүмкүндүк берет. Бирок көп өтпөй экөө биргелешип жасап баштайт, буга көргөзмөгө келгендер өз көзү менен көрүп ынана алат. Иш-чараны уюштургандар алдына муундардын жөн гана жолун жолдоочулугун көрсөтүү максатын койгон эмес. Маңыз жана милдет башкада – элдин руханий маданиятын сактоочу катары аялдын талашкыс ролун баса көрсөтүү. Өлкө бүгүнкү күндө татаал мезгилди башынан өткөрүп, ар түрдүү оорчулуктарды кечирип жатат, бирок ошого карабастан колу уз кыз-келиндердин чыгармачылыгы, алардын күч-аракеттери жана салттуу кол өнөрчүлүктү кайрадан жаратуу, оймо-чиймелүү кийиш-шырдактарды, боз үйдүн жасалгаларын даңазалоо боюнча эмгеги ошончолук маанилүү. Көргөзмөнүн катышуучуларынын курагы да символикалуу экенин белгилебей коюуга болбойт: тогуз жаштан токсон жашка чейинкилер. Экспозициянын көрүүчүлөрүнө сунуш кылынгандар – живопись, графика, колдонмо көркөм өнөр, фэшн-дизайн.Көргөзмөнү ачып жатып, КР экс-Президенти, Эл аралык коомдук фонддун башчысы Роза Отунбаева:алар дүйнөлүк конкурстарда жана көргөзмөлөрдө Кыргызстанды даңазалайт, алардын иштери дүйнөнүн музейлеринин коллекцияларында турат, алардын көпчүлүгү ЮНЕСКОнун белгиси менен белгиленген, деп баса белгиледи. Кызыл тасманы кесүүнүн алдында модельерлер Жумагүл Сариевадан, Бурул Мамбетовадан, Алтынай Осмоеваданжана Айдай Асангуловадан көрсөтүүлөр сунуш кылынды. Көргөзмөнүн катышуучуларынын арасында – кыргыздын кесипкөй колдонмо көркөм өнөрүнүн башатында тургандар Шакен Мамбетаипова сүрөтчү кызы Дамира Касаболотова менен, дизайнер Татьяна ВоротниковакызыПолинаменен, ал да дизайнер.МодельерФарзана Шаршембиева – Sevensisterбрэндинин негиздөөчүсү, бешинчи же алтынчы муундагы уз. Ага эмгектерди түзүүдө алты кыз бир тууганы жана эки кызы жардам берет, алардын кичүүсү болгон 16 жашта. Көргөзмөнүн концепциясынын автору – ЮНЕСКОнунматериалдык эмес маданий мурас боюнчаэл аралык экспертиДинара Чочунбаева – экспозицияда кызы – жогоруда эске алынган Алтынай Осмоева жана бир тууганынын кызы, Лондондогу көркөм өнөр мектебинин бүтүрүүчүсү Айдай Чочунбаеваменен. Айдай моюн орогучтарды жана кийиз менен жибектен башка буюмдарды жасайт. Ал эми бардык үчөөнүн насаатчысы Кокен-апа, Динаранын энеси. - Мага дайыма биздин жомоктогудай жаратылышыбыз шык берет, анда бардыгы даяр, - деп мойнуна алат Айдай Асангулова. – Карап көрүп пейзажды элестетип, акыл-ойду чабыттатам. Ана бардыгы даяр болот... Бул таланттуу уз айымдын кызы болгону тогуз жашта, бирок Акылай сүрөт тартканды, ар түрдүү материалдардан буюмдарды жасаганды жана, албетте, сүрөтчү болгонду жакшы көрөт. График сүрөтчү АннаШубинанынкызы ЮлияТкачеванын иши турган стенддин жанынан көңүлкош өтүп кетүү мүмкүн эмес. Ачык гүлдөрү бар ваза (жүн) өзүнө көңүл буруп, кое бербей, чындыгында эле «Жазгы маанайды» марттык менен тартуулайт. Бөзгө, сатинге, баркытка жана льенго сайма саюу, түркүн түстүү килемдер, залдар басып жүргөн манекен кыздардын сапаты, идеясы жана аткарылышы боюнча эң сонун кийимдери, живопистүү кездемелер жана демейдегиден башкача материалдардан жасалган айкелдер – «Кыздар - энелер» көргөзмөсүндө сунуш кылынган ушулардын бардыгы Кыргызстан аялдарынын ар бир келүүчүгө түбөлүктүү сулуулук, бийик дөөлөттөр жана жан-дүйнөнүн күчү жөнүндө табышмактуу кайрылуусу. Тамара НЕШКУМАЙ. "Слово Кыргызстана" Владимира ПАРХОМЕНКОнун фотосу («Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду) жана АКИpress.