Окутуучу материалдарды сатып алууда ТИКА «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлоруна» экинчи жыл катары менен жардам берип жатат
June 23, 2017, 06:00Түрк Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын алдындагы Кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча түрк башкармалыгы (ТИКА, Бишкек офиси) китептерди жана канцеляриялык товарларды сатып алууда «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлоруна» экинчи жыл катары менен колдоо көрсөтүп жатат. Быйылкы жылы ТИКА 970 000 сом суммасына колдоо көрсөттү. Бул каражаттарга бүткүл Республика боюнча 55 Жайлоодогу өнүктүрүү борбору оюнчуктар жана канцеляриялык буюмдар менен камсыз кылынат. Расмий тапшыруу 2017-жылдын 22-июнунда Экономика министрлигинин имаратында болуп өттү. Иш-чарага ТИКАнын Кыргызстандагы Бишкек офисинин Координатору ЭвренРутбиль жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун Аткаруучу директору Кендирбаева Догдургүл, «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору» долбоорунун координатору Жоодонбеков Асылбек жана башкалар катышты. 2017-жылы июндан тартып августка чейин 100 Жайлоодогу өнүктүрүү борбору ачылат, аларда балдарга өнүгүүгө жана жаңы жөндөмдөрдү алууга мүмкүнчүлүк берилет. Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору жетүүгө кыйын болгон тоолуу райондордо, көздүн жоосун алган жайлоолордо болот. Ал жактарга малчылардын 3 жаштан 14 жашка чейинки балдары барат. Бул балдар үчүн атайын окутуу программасы иштелип чыккан. Борборлордо тарбиячылардан тышкары сүрөтчүлөр, шахматчылар, илимпоздор, инженерлер, машыктыруучулар, белгилүү инсандар, көркөм өнөрдүн чеберлери, чет өлкөлүк волонтерлор болот жана алардын бардыгы балдарга ар түрдүү мастер-класстарды көрсөтөт, ошондой эле балдарды ар кыл жөндөмдөргө үйрөтөт. Мындан тышкары,ата-энелер үчүн, малчылар үчүн балдарды туура тарбиялоо, өспүрүмдөр психологиясы боюнча, баланы тарбиялоодо атанын ролу жөнүндө, үй-бүлөлүк бюджет жана башкалар жөнүндө тренингдер өткөрүлөт. Быйылкы жылы ата-энелерге өзгөчө көңүл бурулат жана ата-энелер үчүн мастер-класстар жана тренингдер өткөрүлөт. Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору Кыргыз Республикасынын алыскы тоолуу райондорун камтууга мүмкүндүк берет, ошентип, Кыргызстандын балдарын мектепке чейинки билим берүү менен камтууну арттырат. Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорунун ачылышы «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун демилгеси боюнча Жайыт департаменти, жогорку окуу жайлар, Балдардын чыгармачылык борборлору, райондук билим берүү бөлүмдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз кызматташтыкта жүзөгө ашырылат. Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору модели шаардык балдардын, малчылардын балдарынын жана туристтердин, меймандардын жана башкалардын интеграциясы ишке аша турган аянтча болуп саналат. Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорун колдогондугу үчүн Түрк Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын алдындагы Кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча түрк башкармалыгына (ТИКА, Бишкек офиси) жана ТИКАнын Бишкек офисинин программалык координатору Эврен Рутбилге жана бардык кызматкерлерине ыраазычылык билдиребиз. Кошумча маалымат үчүн төмөнкү телефонго кайрылууңуздарды өтүнөбүз: 0312 621603.