«Менин жашыл досум» - балдар бакчасындагы экологиялык акция
February 3, 2017, 06:00Балдарга жаратылышты сүйүүнү кантип үйрөтүү керек? Алар менен бирге үйдө өсүүчү жөнөкөй өсүмдүктөрдү отургузуп жана өстүрүп көргүлө. Бүгүн, 3-февралда, Бишкек шаарынын 5-кичи районунда жайгашкан мектепке чейинки билим берүү уюмунда дал ушундай кылышты. «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун эко-командасы Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы менен кызматташтыкта балдар бакчасында мектепке чейинки курактагы балдар үчүн биринчи жолку «Менин жашыл досум» акциясын өткөрдү. Экологиялык иш-чараны уюштуруучулар «герань» бөлмө өсүмдүгү жана анын пайдалуу касиеттери жөнүндө аземдүү презентацияны даярдады жана балдарга сунуш кылды, өсүмдүктү кантип туура өстүрүү керектигин түшүндүрдү. Герань бекеринен тандап алынган жок – ал байыртан эле өзүнүн антисептикалык жана антибактериялык касиеттери менен белгилүү. Акция балдарга абдан жакты, анткени эми алар өсүмдүктүн өсүшүнүн процессине өз көзү менен байкоо жүргүзүп жана аларды өз алдынча бага алат. Ошентип, акция аяктагандан кийин № 71 мектепке чейинки билим берүү уюмунун 40тан ашык тарбиялануучусу көп пайдалуу нерселерди билип гана тим болбостон, ошондой эле өсүмдүктү өздөрү отургузуп жана ошону өзү менен өзүнүн «жашыл» досуна ээ болот, аны багат. Бул акция Бишкек шаарынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын методисттери үчүн шаардык семинардын алкагында өттү, анда ошондой эле бул акцияны өз балдар бакчасында өткөрүү боюнча өзүнчө презентация көрсөтүлдү. 56 методист таратылуучу пайдалуу материалдарды, анын ичинде «Жаш бишкектиктин эрежелери» плакаттарын алды жана бул акцияны өз балдар бакчаларында кантип өткөрүүгө боло тургандыгын биле алды. «Менин жашыл досум» экологиялык акциясын өткөрүүнүн максаты мектепке чейинки курактагы балдарда экологиялык аң-сезимдин жана экологиялык маданияттын негиздерин түзүү болуп саналат. Чоң кишилер менен балдардын биргелешкен ишмердиги – жакшы мамилелердин гана эмес, ошондой эле экөөнүн жалпы өнүгүшүнүн негизи экендиги эчактан белгилүү. Эгерде анын процессинде курчап турган чөйрөнү сактоого багытталган жалпы кызыкчылыктар пайда болсо, андан да дурус. Маалымат: Эске сала кетсек, 2015-жылдын жазында «Менин жашыл досум» акциясы Бишкек шаарынын үч: №22, 30, 34 адистешкен мектептеринде өткөрүлгөн. Ага көмөкчү мектептердин 100дөн ашык тарбиялануучусу катышкан. Ошондой эле эко-акция 2016-жылдын декабрында №1, 71 жатак мектептеринде жана «Үмүт-Надежда» реабилитациялоо борборунда өткөн. Ага ушул мекемелердин 230 тарбиялануучусу катышкан. «Менин жашы досум» акциясы «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» экологиялык долбоорунун алкагында өткөрүлүп жатат.