«Көркөм өнөрдүн кварталы»: мастер-класс жана «Да Винчинин коду» квест-оюну
January 10, 2017, 06:00«Көркөм өнөрдүн кварталы» программасынын төртүнчү корутунду күнү Эмен сейил багынын Галереясында өттү. Мастер-класска жана «Да Винчинин коду» квест-оюнуна келген 40тан ашык бала Леонардо да Винчинин өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө маанилүү фактыларды билип алды. Италиялык улуу живописчиге кандай ойлоп табуулар таандык, «алтын кесилишүү» деген эмне экенин, мастердин схемасы боюнча адамдын бетин кантип тартуу керектигин, «Мона Лиза» сүрөтүндө кандай маанилүү деталдар камтылганын, сүрөтчү кандай техниканы пайдаланганын, «сангинди» тартуу үчүн материал эмнеден тураарын жана бул материалды орто кылымдарда кантип алганын жана башка көптөгөн нерселерди билип алды. Ушул аңгеме-дүкөндөн кийин балдар мольбертти жана пастелди – түстүү борду колдонуу менен сүрөт тартууга киришти. Мастер-класста энелер гана эмес, ошондой эле аталар жана кала берсе ата-эне бирге болду, бул өтө кубандырат. Көпчүлүк ата-энелер да дитин коюу менен сүрөт тартты. Үй-бүлөлүк мастер-класс болду. Энелердин бири айткандай: «Балдарды өнүктүрүү үчүн көркөм сүрөт билиминин маанилүүлүгүн жана көркөм өнөрдүн ролун улам көбүрөөк ата-энелер түшүнө баштады». Ошондуктан эс алуунун жана билим алуунун ар түрдүү жаңы форматтарынын, анын ичинде үй-бүлөлүк форматтарынын болушу өтө маанилүү. Музейлер жана театрлар, китепканалар жана галереялар эс алуу, окуу, арт-терапия үчүн улам жаңы форматтарды сунуш кылып, ар кандай курактагы, улам көп сандагы келүүчүлөрдү тарта алат. Балдар үчүн бардык мастер-класстар жана экскурсия «Көркөм өнөрдүн кварталы» программасынын алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан Швейцариянын Кыргызстандагы Элчилигинин колдоосу менен өткөрүлдү. Мастер-класстардын мазмунун долбоорлогон искусство таануучу Чолпон Тентиевага, Ч. Айтматов атындагы Орус драма театрынын башкы оюн коюучу режиссеру Нурлан Асанбековго, бутафория боюнча мастер-классы үчүн Николай Жестовскийге, «Да Винчинин коду» мастер-классы үчүн Ольга Дунгановага, өнөрканадагы живопись боюнча мастер-классы үчүн Данакан Адашкановага ыраазычылык билдиребиз. Жыкынкы учурда биздин сайтта «Көркөм өнөрдүн кварталы» программасынын жаңылыктарына көз салгыла.