ЮНИСЕФтин 70 жылдыгы БУУнун Үйүндө
December 8, 2016, 06:006-декабрда БУУнун Үйүндө (Бишкек) дүйнөлүк уюмду түзүүнүн 70 жылдык мааракесине байланышкан иш-чаралардын сериясы старт алды. ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы ишине, балдардын көйгөйлөрүнө жана көйгөйлөрүн чечүү жолдоруна арналган жолугушууга КРде аккредитацияланган элчилер, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чогулду. Экс-Президент, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаева, ПРООНдун офисинин башчысы А.Аванесов менен катар, ЮНИСЕФти мааракеси менен куттуктады, балдардын абалын жакшыртууга, кедейликтин деңгээлин төмөндөтүүгө бул уюмдун салымын, КРда билим берүүгө жана балдардын саламаттыгын сактоого анын кошкон зор салымын жогору баалады. Р.И.Отунбаева Фонддун ишинин мисалында балдарды кенже кезинен өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн, республиканын бардык мектептеринин кенже класстарынын окуучуларын ысык тамак менен дээрлик толук камсыз кылганга чейин ишти улантуунун зарылчылыгын, балдардын чабал катмарларын ушул иш менен камтуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Балдарга көңүл буруу канчалык маанилүү болсо, келечек муунду тарбиялоо үчүн жооптуу болгон ата-энелер менен, бардык чоң кишилер менен иштөө ошончолук зарыл, деп эсептейт Р.Отунбаева. Ал чет өлкөлүк элчилерге балалык, балдарды тарбиялоо боюнча материалдар менен, КТРКнын балдар каналында жана жергиликтүү ТК компанияларынын башка каналдарында көрсөтүү үчүн алардын улуттук тажрыйбасы менен бөлүшүүгө чакырды. ЮНИСЕФтин КРдагы өкүлү Юкиэ Мокуо катышкан жолугушуунун аягында ЮНИСЕФ жүргүзүп жаткан иштин багыттары жана натыйжалуулугу жөнүндө пикир алышуу болуп өттү.