Борбордун педагогдоруна тамак-аш коопсуздугу жөнүндө айтып беришти
February 17, 2016, 06:0015-февралда «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында № 65 экологиялык-экономикалык лицейде Бишкек шаарынын мугалимдери үчүн Тамак-аш коопсуздугу боюнча лекторий болуп өттү. «Тамак-аш коопсуздугу» темасындагы лекцияны эколог, «БИОМ» экологиялык кыймылынын директорунун милдетин аткаруучу Анна Кириленко окуду. Лекцияда тамак-аш тобокелдиктеринин ар кандай аспекттери чагылдырылды. Угуучулар ар кандай түрдөгү тамак-аш кошумчалары жана тамак-аш азыктарынын модификациясы (өзгөртүү, жаңы касиеттерге ээ болуу менен кандайдыр-бир түрүн өзгөртүү) менен байланышкан көп сандаган тобокелдиктерди кантип аныктоо керектиги, таңгактын жана идиштин коопсуздугун аныктоо методдору, бруцеллез, ботулизм ооруларына чалдыгуунун алдын алуу ыкмалары менен таанышты. Иш-чаранын алкагында мугалимдерге үй шартында суу кошулган сүттү, каймактагы крахмалды аныктоону, пакеттердеги бир жолу колдонулуучу чайды жана сүт азыктарын пайдалануунун тобокелдиктерин иш жүзүндө көрсөтүштү. «Тамак-аш коопсуздугу – мугалимдер үчүн кыйла жаңы жана өтө актуалдуу тема. Анткени дал бала чакта жана өспүрүм куракта адамда ден соолуктун жана аны өмүр бою сактоо жөндөмдөрүнүн негиздери түптөлөт. Мен аудитория тараптан зор кызыгууну сезип турдум жана бул кубанычтуу болду. Биздин уюм көптөгөн жылдардын ичинде иштеп чыккан билимдердин аркасында биз биргелешкен күч-аракеттер менен окуучулардын ден соолугунун жана жашоосунун сапатын жогорулатууга өз салымыбызды кошо алабыз деп ойлойм», - деп белгиледи Анна Кириленко. Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө окутуучуларда «Тамак-аш коопсуздугу» темасына CD-дискалар таратылды, аларда тамак-аш коопсуздугу боюнча колдонмо, презентация, ошондой эле класстык сааттарды өткөрүү үчүн ушундай түрдөгү темалар жазылган. Лекторий №67 гимназия мектебинин окуу-тарбиялоо комплексинин окуучуларынын оюн көрсөтүүсү менен аяктады, алар курчап турган чөйрөнү коргоо жана сууну сактоо боюнча театрлаштырылган оюнду жана чакан концертти коюшту. Иш-чарага Бишкектин мектептеринин биология, география жана химия боюнча 78 окутуучусу катышты. Лекциянын алкагында окуучуларда «БИОМ» экологиялык кыймылынын жаңы плакаттарын алуу мүмкүнчүлүгү болду, аларда тамак-аш коопсуздугунун спектрлери боюнча материалдар чогултулган. Бул плакаттарга ээ болууну каалаган мугалимдер аларды: http://biomweb.herokuapp.com/portfolio/#/3 шилтемеси боюнча жазып ала алат. Лекцияны «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Бишкек шаарынын Мэриясынын Билим берүү башкармалыгы менен кызматташтыкта жана «БИОМ» экологиялык кыймылынын катышуусу менен уюштурду. "Тамак-аш коопсуздугу" презентациясын жазып алуу