Борбор шаарда «Экологиялык коопсуздук» темасына мугалимдер үчүн лекция болуп өттү
January 22, 2016, 06:0021-январда «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында № 67 окуу-тарбиялоо комплексинде Бишкек шаарынын мугалимдери үчүн Экология боюнча лекторий болуп өттү. Эколог, «БИОМ» экологиялык кыймылынын аткаруучу директору Анна Кириленко «Экологиялык коопсуздук: аны камсыз кылуу боюнча мектептердин ишинин өзгөчөлүктөрү» темасына лекция жасады. Бул экологиялык тобокелдиктердин ар кыл аспекттери чагылдырылган ушул тема боюнча алгачкы киришүү лекциясы болду. Угуучулар «тобокелдик коомчулугу» түшүнүгү, анын негизги контурлары жана көйгөйлөрү менен таанышты. Өзгөрүлүп жаткан дүйнөдө биздин ден соолугубузга коркунуч келтирген тобокелдиктердин саны канчалык көбөйүп жатканы көрсөтүлдү, буга байланыштуу тобокелдиктерге баа берүүнүн жана аларды күндөлүк турмушубузда – мектепте жана үйдө азайтуунун атайын жөндөмдөрүн калыптандыруу зарыл. Лекциянын алкагында экологиялык жактан коопсуз тамак-аш азыктарын, самын-кир жуугуч продукцияны, демейде мектепте колдонулуучу курулуш материалдарын тандоонун ар түрдүү мисалдары келтирилди. Анна Кириленконун айтымына караганда, «Экологиялык коопсуздук – мугалимдер үчүн кыйла жаңы жана өтө актуалдуу тема. Анткени бала жана өспүрүм куракта адамда ден соолуктун жана аны өмүр бою сактоонун негиздери түптөлөт. Мен аудитория тарабынан зор кызыгууну сезип турдум жана бул биздин ушул тема боюнча лекциябыздын башталышы гана экенин түшүнүү кубанычтуу. Көптөгөн жылдардын ичинде биздин уюм иштеп чыккан билимдер бар болгон учурда биз биргелешкен күч-аракеттер менен окуучулардын ден соолугунун жана жашоосунун сапатын жогорулатууга өз салымыбызды кошо алабыз деп ойлойм», – деп белгиледи Анна Кириленко. Ошондой эле лекциянын жүрүшүндө 2016-жылга Бишкек шаарынын Мэриясынын билим берүү башкармалыгы менен бирдикте пландаштырылган иш-чаралар жана эко-акциялар жөнүндө видеоматериалды көрсөтүү жана маалымат берүү менен 2015-жылдагы «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун жыйынтыктарын презентациялоо болуп өттү. Лекторий №67 гимназия мектебинин окуу-тарбиялоо комплексинин окуучуларынын оюн көрсөтүүсү менен аяктады, алар экология боюнча слайд-шоунун коштоосунда «Планетабызды коргоп калабыз» эко-презентациясын сунуш кылды. Иш-чараларга Бишкектин мектептеринин биология, география жана химия боюнча 167 окутуучусу катышты. Эко-долбоордун алкагында түзүлгөн плакаттар: «Экологиялык календарь» жана «Жаш бишкектиктин эрежелери» таратылды. Лекциянын алкагында окуучуларда «БИОМ» экологиялык кыймылынын жаңы «Туруктуу өнүктүрүүнүн контекстинде экологиялык коопсуздук» басылмасын алуу мүмкүнчүлүгү болду, анда Кыргызстан боюнча зор материал чогултулган. Бул басылмага ээ болууну каалаган мугалимдер аны төмөнкүдөй шилтемеден ала алат: http://biomweb.herokuapp.com/portfolio/#/81 Лекцияны «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Бишкек шаарынын Мэриясынын билим берүү башкармалыгы менен кызматташтыкта жана БИОМ» экологиялык кыймылынын катышуусу менен уюштурду. «Экологиялык коопсуздук: аны камсыз кылуу боюнча мектептердин ишинин өзгөчөлүктөрү» презентациясын жазып алуу Маалыматтык справка: 2015-ЖЫЛДАГЫ ЭКО-ДОЛБООРДУН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ: Бишкек шаарынын мугалимдери үчүн экология боюнча лекторий Бишкек шаарынын мектептеринин мугалимдери, директорлору жана директорлорунун орун басарлары үчүн 11 лекция. Лекциялардын тематикасы мугалимдердин каалоолорун эске алуу менен экологияга жана биологиялык ар түрдүүлүккө басым жасоо аркылуу тандалды. Ошондой эле шаардык балдар бакчаларынын жана жай мезгилинде чабандардын балдары үчүн иштей турган жайлоодогу балдар бакчаларынын тарбиячылары үчүн лекциялар уюштурулду. «ТазаБИШ» (Таза Бишкек) Бишкек шаарынын ЖОЖдорунун, студенттик жана жаштар уюмдарынын катышуусу менен 5 акция. «Жашыл Бишкек – мектептин жанын жашылдандыруу» эко-акциясы 1-акция - 3-4-апрелде, 6 мектеп: 91, 83, 78, 72, 51, 2 – 1200дөн ашык көчөт 2-акция – 17-октябрда, 15 мектеп: 93, 92, 90,89, 88, 87, 86, 85, 84, 81, 80, 79, 77, 73, 71 – 5000ден ашык көчөт 3-акция – 30-октябрда, 4 мектеп: 82, 34, 30, 22 – 2500дөн ашык көчөт «Полиэтилен пакеттер болбосун» эко-акциясы Биринчи акция – 3-мартта Кыргызстан Аялдарынын биринчи Улуттук форумунун акагында Экинчи акция "Полиэтилен пакеттер болбосун" – 24-октябрда "Эко-Баштык" Фестивалынын алкагында Бишкек шаарынын мектептен тышкаркы мекемелеринин арасында эко-сөз айкаштарынын конкурсу Борбор шаардын 6 мектептен тышкаркы мекемеси катышты. Плакаттардын жана сүрөттөрдүн конкурсу "Экология жана биз" Бишкек шаарынын Мэриясынын билим берүү башкармалыгы менен бирдикте Бишкек шаарынын мектептеринин арасында макулатура чогултуу боюнча мелдештер Бишкектин 60тан ашык мектеби катышты "Эко-селфи" конкурсу - 3 жеңүүчү "Эко-фотоаңчылык" конкурсу - 7 жеңүүчү «Билим кербени: Бишкек шаарынын мектептери үчүн табигый илимдердин көчмө өнөрканасы» 20 кербен, Бишкек шаарынын 1200дөн ашык мектеп окуучусу Бишкектин мектеп жанындагы лагерлери үчүн экология боюнча билимдердин кербени 4 кербен, 400дөн ашык мектеп окуучусу Зоологиялык музейдеги экологиялык жолугушуулар 15 – 26-июнь, мектептердин жанындагы 18 лагерден 686 мектеп окуучусу «Экологиялык календарь» жана «Жаш бишкектиктин эрежелери» плакаттарын иштеп чыгуу жана мектептер, эко-долбоордун өнөктөрүнүн жана Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринин арасында акысыз таратуу. Экология жана курчап турган чөйрөгө аяр мамиле темасына 16 социалдык видеоролик 5 телеканал боюнча көрсөтүү Үчүнчү Билим берүү фестивалы: Эко-фестиваль - 24-25-апрель 6 класс/аянтча, 15 миңден ашык келүүчү, 150дөн ашык катышуучу уюм, 80ден ашык волонтер, 250дөн ашык иш-чара. Долбоордун алкагында билим берүү кызматкерлеринин шаардык секциялык кеңешмесинин алкагында эко-долбоорду жана пландаштырылып жаткан иш-чараларды презентациялоо Көбүрөөк маалыматтар төмөнкү сайттарда: www.festival.roza.kg жана www.roza.kg