«Устат-2» долбооруна катышкан кыздар И.Раззаков атындагы КМТУнун Кыргыз-Герман Техникалык Институтунда болду
March 16, 2015, 06:0010-мартта И.Раззаков атындагы КМТУнун Кыргыз-Герман Техникалык Институтунда «Устат-2» насаатчылык долбоорунун алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду менен бирдикте Ачык эшик күнү өттү. Бул иш-чарага долбоордун катышуучулары, жаңы конуштардагы мектептердин директорлору, мектеп окуучулары, мугалимдер жана Кыргыз-Герман Техникалык Институтуна кирүү жөнүндө көптү билүүнү каалагандардын бардыгы чакырылды. Иш-чаранын башталышында КМТУнун ректору Туратбек Дуйшеналиев, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Догдуркуль Кендирбаева, DAAD маалымат борборунун жетекчиси Яна Дюммлер жана КГТИнин директору Анипа Усупкожоева саламдашуу сөзүн сүйлөдү. Сүйлөгөндөр өз сөзүндө илимий-техникалык адистиктер бүгүнкү күндө абитуриенттер арасында популярдуу болуп баратат, анткени бул кесиптердин чеги жок жана бардык жерде талап кылынат деп белгиледи. КГТИнин бүтүрүүчүлөрүнүн 90 пайызы ишке орношоорун белгилеп кетүү керек. КГТИнин окутуучулары болуп Германиянын жарандары, ошондой эле кыргызстандык профессорлор саналат. КГТИде окуу мезгилинде студенттерде Германияда жайкы мектептен өтүү, ошондой эле Германияда окуу үчүн стипендия алуу мүмкүнчүлүгү бар. Учурашуу сөздөрүнөн кийин кафедра башчылары презентациялар менен сөз сүйлөдү. КГТИге «Электроэнергетика», «Логистика», «Телематика», «Механика жана өнөр жайлык инженерия» багыттары боюнча тапшырууга болот. Ошондой эле катышып жаткандар үчүн концерт уюштурулду. Төмөндө иш-чара жөнүндө долбоордун катышуучуларынын бири Перизат Анарбекова жазган макала келтирилген. ЭКСКУРСИЯ!!! Ошентип, мен дайыма техникага байланышкандын бардыгы (техникалык билим) кыздарга жарабайт деп ойлочумун, андыктан эмне үчүн кыздардын көпчүлүгү техникалык билимди тандабайт деп суроо берчүмүн. Биздин өлкөдө мындай стереотип орун алган: аял үйдүн кутун сактоочу болууга жана чоңойгондо бүт өмүрүн балдарды тарбиялоого жана үйдөгү бейпилдикти сактоого тийиш. Көпчүлүк кыздар таптакыр жогорку билим алгысы келбейт, муну алар өз убактысын бекер коротунун кажети жок, анткени үйдүн кутун сактоо үчүн сөзсүз эле университетти бүтүрүнүн кереги жок деп далилдешет. Алардын айрымдары кантсе да «элге көрүнүү үчүн» жогорку билим алат. Техникалык эмес адистиктер боюнча окуган кыздардын 22%ы университетти аяктагандан кийин баш-оту менен үй түйшүгүн көтөрүүнү каалайт; техникалык кесиптегилердин арасында – мындай кыздар табылган жок. Эмнегедир көпчүлүк кыздар билимди, мансапты жана үй камкордуктарын бул иштердин бирине да зыян келтирбестен айкалыштырууга боло тургандыгын элестете албайт. Менин көз карашым боюнча, кыздар техникалык илимдерди таптакыр тандабай коюусуна өтө таасир эткен дагы бир стереотип – бул окутуу профилдерин «аялдарга» жана «эркектерге» деп бөлүү. Мындай бөлүштүрүү жөнүндө мектептен тартып эле эске сала башташат, ошондуктан балдар ички сезиминде алар жыныстык белгиси боюнча аткарууга «боло турган» жана «болбой турган» нерселерге бөлө баштайт. Өз сөзүмдү ырастоо үчүн бир журналисттин: «Эмне үчүн силер техникалык адистикти тандаган жоксуңар?» деген суроосуна көпчүлүк кыздар бул «аялдардын иши эмес» деп жооп бергенин айта алам. Студент кыздардын 25%ы математикада, физикада жана программа түзүүдө кыздарга орун жок деп эсептейт. Кыздардын көпчүлүгүндө (ошондой эле кыздарда гана эмес) дагы бир: техникалык адистикти окуу башкасына караганда алда канча татаал деген пикир түзүлгөн. Менимче, эгерде сен сабактан канагат алсаң, бирок коркуудан улам таптакыр башка кесип боюнча жогорку окуу жайын тандасаң, анда окууга алда канча көп күч-аракеттерди жумшайсың жана ал аз келгенсип, кесипти туура тандай албай калдым деп өзүңдү-өзүң жемелей бересиң. Техникалык институтка бүгүнкү сапар бардык стереотиптерди толугу менен чийип салды. Азыркы дүйнөдө, технологиялар дүйнөсүндө технология тармагында окуу керек (анткени алар кандай болгон күндө да көп талап кылынат) жана сен жигитсиңби же кызсыңбы – анын мааниси жок, дал ошондуктан биомединциналык факультетке тапшырууну көздөп жатам. Бүгүнкү күн өтө үзүрлүү жана өтө бурулуштуу болду, эгерде бүгүн мен экскурсияга барбаганда, мен мындай факультет жөнүндө билмек да эмесмин. Бизди чакыргандыгы, бул маалыматты зарыл деп эсептелгендиги үчүн биздин координаторлорго ыраазычылык билдирем. Ушундай жылуу кабыл алгандыгы үчүн Техникалык институтка да ыраазычылык билдиргим келет.