logo
  • Кырг
  • Рус
  • Eng
  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Пресс-центр

  • Жаңылыктар
  • Пресс-релиздер
  • Анонстор жана жарыялар
  • Чыгыш сөздөр жана докладдар
  • Сүрөт галереясы
  • Видео
  • Подкасттар
  • Башкы бет >
  • Пресс-центр >
  • Сүрөт галереясы

Мектеп Парламенттеринин лидерлери менен жолугушуу

March 12, 2015, 06:00

Бүгүн, 12-мартта, № 4 орто мектепте «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун өкүлдөрүнүн Бишкек шаарынын мектептеринин лидерлери менен жолугушуусу болуп өттү, ага Бишкектин 45 мектебинен келген мектеп парламенттеринин өкүлдөрү, ошондой эле жаштардын "Эко жаштар" экологиялык клубунун өкүлдөрү катышты.   Бул жолугушуунун максаты «ГЛОБАЛДУУ ОЙ ЖҮГҮРТ – ЧӨЛКӨМДӨ АРАКЕТТЕН: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорун презентациялоо болуп саналат, ал шаарда сергек жашоо ыңгайы жана туруктуу өнүктүрүү үчүн жагымдуу айлана-чөйрөнү түзүү максатында четте туруп алып байкоо жүргүзүүчүнүн позициясынан экологиялык акциялардын жана иш-чаралардын жигердүү катышуучусунун позициясына өтүү аркылуу балдар менен жаштарда, ошондой эле Бишкек шаарынын тургундарында жарандык жоопкерчиликти жана экологиялык маданият деңгээлин жогорулатуу максатын көздөйт.   Жолугушууда ошондой эле окуучуларга экология темасына социалдык таанып-билүү роликтери көрсөтүлдү.   Бул роликтер менен презентациялар окуучуларда зор кызыгууну пайда кылды, алар долбоордун иш-чараларына жигердүү катышууга жана Бишкек шаарынын тазалыгына өз салымын кошууга ниетин билдирди.

Loading...
logo

меню

  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Байланышуу маалыматы

  • Телефон: +(996) 312 660 382
  • E-mail: office@roza.kg

Биз соц тармактардабыз

  • Twitter
  • Facebook
  • Youtube
  • Instagram