Бишкекте пластик пакеттерди пайдаланууга каршы экологиялык флешмоб өттү
March 3, 2015, 06:00Бишкекте 3-мартта «Полиэтилен пакеттерге жол жок» деген экологиялык флешмоб өттү, аны «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду уюштурду. Уюштуруучулардын айтымы боюнча, полиэтилен пакеттер жерде 1 миң жылдан кийин гана толук ажырайт жана зыяндуу заттарды бөлүп чыгаруу менен жаратылышка зор зыян келтирет. «Биз биздин жарандарыбыз аң-сеземин ойготуу үчүн, алар полиэтилен пакеттерди аз колдонушу үчүн ушул акцияны уюштурдук. Бүгүн биз экологиялык таза материалдан жасалган эко-пакеттерди таратабыз. Эко-пакеттер азыр массалык түрдө чыгарылбай жатат. Бирок биз жарандар экологиялык таза продуктуларды колдонушун стимулдаштырууга аракет кылабыз. Жогорку Кеңеш Кыргызстанда полиэтилен пакеттерди пайдаланууну чектөө жөнүндө мыйзам кабыл алат деп үмүттөнөбүз», – деп айтты долбоордун пиар-менеджери Мария Колесникова. Уюштуруучулардын айтымы боюнча, алар жогорку класстардын окуучулары үчүн Бишкектин мектептеринде экологиялык сабактарды өткөрүү үчүн мэрия менен жана ар кандай экологиялык ассоциациялар менен кызматташат. Сабактарда экологияга жана аны сактоого арналган фильмдер көрсөтүлөт.