«КЭРдин орто билим берүүсүнүн сырлары»
December 20, 2014, 06:0019-декабрда КЭРдин орто билим берүү системасы жөнүндө лекция өттү, аны «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду БГУнун алдындагы Конфуций Институту менен бирдикте уюштурду. Лекцияга Бишкек шаарынын мектептеринин мугалимдери жана окуу бөлүмдөрүнүн башчылары, Арабаев атындагы КМУнун педагогикалык факультетинин, Баласагын атындагы КМУнун алдындагы Кыргыз-Кытай институтунун студенттери менен педагогдору чакырылды. КЭРдин орто билим берүү системасы үч: башталгыч, толук эмес орто жана орто баскычтарга бөлүнөт. Толук эмес орто мектеп, башкача айтканда, 9 класс милдеттүү билим болуп саналат. Башталгыч мектепте эне тил менен математика негизги сабактар болуп эсептелет. Эмгекке тарбиялоого зор көңүл бөлүнөт, окуучулар 4-класстан тартып эле жылына 2 жолу фермаларга барып, иштерди аткарат. Ошондой эле кытай мектептеринде баланын талантын өнүктүрүү үчүн бүтүндөй бир катар ар түрдүү: живопись, каллиграфия, адабият, фотография, бий, театр, опера, музыкалык аспаптарда ойдоо, маркаларды чогултуу, дубал газеталарынын сүрөттөрүн тартуу, самолеттордун моделдерин чогултуу, колдонмо көркөм өнөр жана башкалар боюнча сабактар бар. Кытайда окуу жылы 9,5 айга созулат жана эки семестрден турат. Каникулдар – январдан тартып февралга чейин, жана июлдан тартып августка чейин. Сабактар жумасына 5 күн, 7.30дан тартып түшкө чейин. Кытай мектептеринде ар бир окуучуга ар бир сабак боюнча орточо 5-8ден окуу китеби туура келет. Мектеп билими жөнүндө аттестатты алуу үчүн окуучулар: кытай тили, математика, чет тил, физика, химия, политология, тарых, география, информатика жана биология сабактары боюнча экзамендерди тапшырууга тийиш. Мектептен кийин дээрлик 80%ы ЖОЖдорго тапшырат. Баа 100 баллдык шкала боюнча коюлат. Кытайда мугалим болуу өтө ардактуу. Мугалимдин кесиби урматтуу жана алда канча кадыр-барктуу кесиптердин рейтингинде жогорку орундарды ээлейт. Мугалимдин эмгек акысы орточо 2000 юандан 5000 юанга чейинкини түзөт. Эмгек акынын өлчөмүндө окуучулардын жетишүүсү, алардын олимпиадаларга катышуусу жана аларда жеңип чыгышы зор роль ойнойт. Эске сала кетсек: ушул жылдын августунда Бишкек, Нарын, Талас жана Баткен шаарларынын мектептеринин математика жана физика мугалимдери. ошондой эле окуучулары Түндүк-батыш педагогикалык университетинин алдындагы Жогорку мектепке барышты (Ланчжоу шаары, Ганьсу провинциясы, КЭР). Бул сапарды КЭРдин Кыргызстандагы Элчилигинин колдоосу менен «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду уюштурду. Сапар жөнүндө Мамбетакунов Улан даярдаган отчет менен фонддун сайтынан таанышууга же презентацияны pdf форматынан жазып алууга болот. КЭРдин жалпы билим берүү системасы жөнүндө маалыматтан тышкары, ошондой эле көз үчүн гимнастика сунуш кылынды, ал күнүнө эки жолу экинчи жана төртүнчү сааттардан кийин жасалат. (Биздик сайттагы жаңылыктарга көз салып туруңуз жана биз Сизге аны менен сөзсүз тааныштырабыз). Лекциянын бардык катышуучуларына КЭРдин орто билим берүү системасынын бир катар жетишкендиктери жана жеңиштери бар экени түшүнүктүү болуп калды, аны мектеп окуучуларынын эл аралык олимпиадаларда ээлеген жогорку орундары жана окуучулардын жетишкендиктерин эл аралык баалоонун натыйжалары ырастап турат. Соңку бир нече жыл аралыгында Кыргызстанда бир нече Конфуций борборлору ачылды, алардын максаты каалагандардын бардыгын, анын ичинде балдарды жана мектеп окуучуларын кытай тилине окутуу, ошондой эле спорттун жана КЭРдин салттуу өнөрлөрүнүн ар кандай түрлөрүнө окутуу болуп саналат. Кагаздан кесип алуу үлгүлөрүн pdf форматында бул жерден көрүүгө жана жазып алууга болот. Кытай тилине, ошондой эле кагаздан кесип алуу өнөрүнө окутуу үчүн Конфуций Институтунан волонтерду чакырууну каалагандардын бардыгы Конфуций Институтуна 54 45 24 телефондору боюнча кайрыла алат.