Билим берүү процессине салттуу экологиялык илимдерди (СЭИ) киргизүү материалдары жана жолдору боюнча фокус-топтук дискуссия
June 20, 2014, 06:00Экинчи Билим берүү фестивалынын алкактарында 20-июнда «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду тарабынан экологиялык жана билим берүү уюмдарынын (Кристенсен фондунун өнөктөрү менен кошо) өкүлдөрү менен, КР Билим берүү жана илим министрлигинин, Бишкек шаарынын Мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын жана республикалык жана шаардык балдарга билим берүү борборлорунун өкүлдөрү менен долбоорлордун жана алардын натыйжаларынын бетачарларын, ошондой эле КР билим берүү процессине салттуу экологиялык илимдерди киргизүү жолдорун талкуулоо максатында фокус-топтук жолугушуулар өткөрүлгөн. Төмөнкү бетачарлар өткөрүлгөн: a) «Жашыл пакет» мугалимдер үчүн окуу куралы, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү үчүн билим берүү боюнча экспертизалардын регионалдык борборунан, КР айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбачылыгы мамлекеттик агенттигинен; b) "Башталгыч класстардын мугалимдерине жардам, 30 тема боюнча кошумча материалдар» мультимедиялык программа жана башка жарыяламалар, «Таалим-Форум» Коомдук фондунан; c) «Салттуу илимдерди билим берүүгө жылдырууда «Айгине» Маданий-Изилдөө борборунун тажырыйбасы», «Айгинеден»; d) “Устат шакирт” Коомдук бирикмеси борборунун долбоорлору жөнүндө бетачар; e) «КР кесиптик-техникалык лицейлеринде кыргыздын салттуу илимдерин окутуу», «Айылды өнүктүрүү фонду» (RuralDevelopmentFund) Коомдук фондунан; f) ЖОЖдор үчүн салттуу илимдерди үйрөнүү боюнча 5 модулдун бетачары, К. И. Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук агрардык университетинин биомаданий ар түрдүүлүк Борборунан; g) Салттуу экологиялык илимдер боюнча балдар үчүн интерактивдүү музейлик көргөзмөгө чакыруу, «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фондунан. Жолугушуулардын жыйынтыктары боюнча катышуучулар таанышуу, тажырыйба жана маалыматтарды алмашуу үчүн ушул аянтты бергендиктери үчүн уюштуруучуларга ыраазылыктарын билдиришти, ошондой эле Билим берүү министрлигинин жана шаардык билим берүү башкармалыгынын жана катышуучу уюмдардын (мугалимдер үчүн август кеңешмелерине катышууга чакыруулар) өкүлдөрүнүн ортосунда мындан аркы кызматташуу үчүн дайындуу сунуштар айтылды.