logo
  • Кырг
  • Рус
  • Eng
  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Пресс-центр

  • Жаңылыктар
  • Пресс-релиздер
  • Анонстор жана жарыялар
  • Чыгыш сөздөр жана докладдар
  • Сүрөт галереясы
  • Видео
  • Подкасттар
  • Башкы бет >
  • Пресс-центр >
  • Сүрөт галереясы

Кара-Чукур жайлоосунда бала бакча ачылды

June 16, 2014, 06:00

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун “Өз күчүбүз менен жайлоо бала бакчалары” долбоорунун алкагында 13-июнда Ош обастынын Кара-Суу районун Мады жайыт комитетине караштуу Кара –Чуңкур жайлоосунда Жайлоо бала бакчасы ачылды. Бул иш-чарага Айыл чарба жана мелиорация министрлигине караштуу Жайыт департаментинин директору Эгембердиев Абдымалик, Ош облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Махаммадов Ахматжан, “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун “Өз күчүбүз менен жайлоо бала бакчалары” долбоорун координатору Асылбек Жоодонбеков, Кара-Суу районунун админстарция башчысы Матраимов Тилек жана жергиликтүү билим берүү өкүлдөрү, Кара-Суу райондук айыл өкмөттөрүн мүчөлөрү, жергиликтүү жайыт колдонуучулар катышты. Бала бакчанын тарбиячылары Юлдашева Жамила, Кабылова Гүлжамал. Балдардын саны - 25. Мады жайыт комитетинин башчысы Исмаилов Жунус мырзага, бала бакчага канцеляриялык товар сатып алууда колдоо көрсөткөн Бакай банкка, методикалык жактан колдогон Кара –Суу райондук билим берүү бөлүмүнө терең ыраазычылык билдиребиз.

Loading...
logo

меню

  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Байланышуу маалыматы

  • Телефон: +(996) 312 660 382
  • E-mail: office@roza.kg

Биз соц тармактардабыз

  • Twitter
  • Facebook
  • Youtube
  • Instagram